Кыргызстан кийиз буюмдарын Жапонияга экспорттойт

Кыргызстан Жапонияга кийизден жасалган оюнчуктарды экспорттоп баштайт. Республикада кийиз буюмдарын өндүрүүчү цех ачылды. Табигый  материалдан жалаң оюнчуктар гана эмес, кол баштыктар, моюн орогуч менен

чокойлор тигилет. Бир тигүүчү күнүнө 7-10 оюнчук, 5 жуп чокой жасайт. Товардын басымдуу бөлүгү экспортко, калганы Бишкек, Ош жана Ысык-Көл облустарынын дүкөндөрүнө жиберилет.

САБИРА ИСКАКОВА, ЦЕХТИН КЫЗМАТКЕРИ:

- Оюнчуктарды мен алты жылдан бери жасап келем. Буга чейин өзүбүздүн айылда башка аялдардай болуп үйдө отуруп иштегем.

Кыргызстанда жасалган кийиз буюмдары ХІХ кылымда эле белгилүү болгон. Орусия жана башка өлкөлөрдөн келген соодагерлер бул жерден накта жүндөн жасалган товарларды сатып алышкан. Чеберлер өз өнүмдөрүнө дүйнөлүк кызыгуучулукту жандандырууга даяр.

Фото: 53news.ru