Инновациялык идеялардын жумалыгы «INNOWEEK – 2019»

Эл аралык инновациялар жарманкеси, инновациялык-инвестициялык форум жана робототехника боюнча жаштар чемпионаты Өзбекстандагы башкы окуялардын бири болууда.

"INNOWEEK-2019" иш-чарасына  катышуу үчүн Австрия, Улуу Британия, Италия, Израиль, Орусия, Түркия, Казакстан, АКШ сыяктуу жалпы 30 өлкөнүн илим тармагындагы алдыңкы адистери келди. Иш-чаранын уюштуруучуларынын айтымында, инновациялык идеялардын жумалыгынын негизги максаты - өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн жана эл аралык аренадагы инновациялык өнүгүүнүн негизги фактору катары адамдык капиталды өнүктүрүү болуп саналат.

ЖАМОЛИДДИН БАБАХАНОВ, ӨЗБЕКСТАНДЫН ИННОВАЦИЯЛЫК ӨНҮКТҮРҮҮ МИНИСТРЛИГИНИН КОММЕРЦИАЛИЗАЦИЯЛОО ЖАНА ИЛИМИЙ ИШТЕП ЧЫГУУЛАР ТРАНСФЕРТИ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫ:

- Сиз бул жерден коммерциялаштырууну ишке ашыруу үчүн венчурдук каржылоо түрүндө банктар тарабынан каржыланган долбоорлорду көрө аласыз. Бул илим инновациялык экономика үчүн түзүлгөн. Бүгүнкү күнү коммерциялаштыруу натыйжасында 26 миллиард сумдан ашык каражатка өнүм өндүрүлүп, анын 20 миллиарды сатылды. Учурда 100дөн ашык иш коммерциялаштырылууда.

Сунушталган долбоорлор - бул инвестиция тартууга мүмкүнчүлүк болуп саналат. Борбордук Азиядагы уникалдуу платформа жаңы келишимдерди түзүүгө гана көмөктөшпөстөн, тажрыйба алмашууга да мүмкүнчүлүк берет, дешет уюштуруучулар.

ДИАС БАКАСАРИН, КАЗАКСТАНДЫК КОМПАНИЯНЫН ӨКҮЛҮ

Биздин компания окуу курал-жабдыктарын жеткирүү менен алектенет. Бүгүнкү күндө билим  берүүдө чоң өзгөрүштөр болуп жатат, көптөгөн мектептер жабдууларды модернизациялоону баштайт. Башкача айтканда, алар интерактивдүү панелдерди коёт, робототехниканы пайдаланат, мектеп жашынан баштап заманбап окутуу ыкмасын жүргүзөт. Ошондой эле, жасалма интеллектке окутуу башталат. Биз мунун бардыгы келечек экендигин түшүнөбүз. Биз бул көргөзмөгө биринчи жолу катышып жатабыз. Азыркы убакта билим берүү министри менен жолугушууга жетиштик.

Фото: infocom.uz