Кыргызстанда экологиялык транспорт өнүгүүдө

Европа кайра куруу жана өнүктүрүү банкы Бишкекке экологиялык автобустарды сатып алууга каржы бөлөт. Быйыл Кыргызстандын борбору  ЕКӨБ менен жашыл шаарларды өнүктүрүү программасына мегаполисти кошуу боюнча келишимге кол койгон. Айта кетсек, бүгүнкү күнү Бишкектин көчөлөрүндө газ менен жүрүүчү 100гө жакын автобус каттайт. Келерки жылы шаар мэриясы бир нече экологиялык транспортту сатып алууну көздөөдө. Адистердин айтымына караганда, бул чаралар абага зыяндуу заттарды бөлүп чыгаруунун көлөмүн кыскартууга жардам берет. Шаардын экологиялык абалын жакшыртуу үчүн жергиликтүү тургундар унаалардан баш тартып, шайтан араба жана электрдико самокаттарга өтүүдө.

ГУЛЯ АЛМАМБЕТОВА, БИШКЕК МЭРИНИН КЕҢЕШИЧИСИ:

- Биринчиден, бул эркиндик, эч кимге көз каранды болбойсун. Абдан ылдам жүрүүчү транспорт. Жумушка да тез жетесиң. Эң башкысы шаарды, элдерди бөлмөдө отуруп эмес, жолдо бара жатып көрө аласың.

Фото: ca-irnews.com