Тажикстанда курма жыйноо мезгили башталды

Тажикстанда курма жыйноо мезгили башталды. Экологиялык жактан таза өнүм өлкөдө гана эмес, чет өлкөдө да таанымал. Негизинен мөмө Орусияга, Казакстанга жана Кыргызстанга экспорттолот. Ар бир түрү өзүнчө даамга, түскө ээ. Арасынан эң таанымалы – Падыша-шохонa. Ал башкалардан  эрте бышат. Даамдуу жана пайдалуу курманын курамында ден соолук үчүн маанилүү микроэлементтер бар дешет адистер. Ал медицинада гана эмес, косметологияда да кеңири колдонулат, анткени анда терини жашарта турган бета-каротин бар.

ШАРИФБЕК МИРЗОЕВ, ТАЖИКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙЫЛ ЧАРБА АКАДЕМИЯСЫНЫН МҮДҮРҮ:

- Булардын ар бир түрү өзүнчө пайдалуу касиетке ээ. Курма чарчоо жана депрессияга каршы С витаминин алып жүрөт. Бул витаминдер тери жана чачты жакшыртууга жардам берет. Курмада жүрөккө пайдалуу болгон магний, ошондой эле, калий, йод жана темир элементтери бар.

Фото: sputniknews.ru