Кыргызстан санариптештирүүнү өнүктүрөт

Кыргызстан дүйнөлүк желеге жеткиликтүүлүгүн жакшыртат жана санариптик технологияларды жигердүү киргизүүдө. Өлкөдө «DIGITAL CASA» долбоору ишке ашып жатат. Буга дүйнөлүк банк колдоо көрсөтүүдө. Максаты - республиканы кеңири тилкелүү оптикалык интернет желеси менен камсыздап, Кыргызстанды аймактык жана дүйнөлүк "санариптик экономика" саясатына кошуу болуп саналат. Биринчи кезекте сапаттуу электрондук мамлекеттик кызматтарды сунуштоо менен тармактын мыкты адистерин даярдоо, жаңы жумуш орундарын түзүү. Долбоорду ишке ашыруу үчүн 50 миллион доллар бөлүнгөн.

БАКЫТ ОМУРЗАКОВ, “DIGITAL CASA”  ДОЛБООРУНУН МҮДҮРҮ

- «Диджитал КАСА» долбоорунун алкагында магистралдык желесинин курулушун жаңыртуу коздөлгөн. Кытай жана Казакстан менен түз байланыштыра турган тышкы магистралдык желелер тартылган. Ошондой эле, Тажикстан, Өзбекстан өлкөлөрү менен да чектешерибизди унутпашыбыз керек. Жаңы желелер Жалал-Абад облусу аркылуу төшөлөт.

КАЛЫБЕК АКМАТОВ, ДОЛБООРДУ ИШКЕ АШЫРУУ БӨЛҮМҮНҮН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Эгерде тажрыйбалык түрдө айта турган болсок, жарандарыбыз мобилдик тиркемени колдонуп, үйүнөн чыкпастан эле жогорку сапаттагы интернет менен айыл жергесинде, керек болсо жайлоодо туруп мамлекеттик кызматтарды колдоно алат. Мисалы, балдарды бала бакча кезегине тургузуу, мектепке кабыл алуу. Бул долбоор жаштар менен катар улуу муундагы жарандар үчүн да жасалып жатат.

Фото: infostart.ru