Тажикстанда ЖККУнун аскерий окуу-машыгуусу өттү

Тажикстанда Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн «Бузулбас Боордоштук – 2019» аттуу аскерий окуу машыгуусу өттү. Ага үч жарым миң адам катышып, алты жүзгө жакын техника тартылды. Окуу-машыгуу эрежесине ылайык, уюшулган кылмыштуу топ чек араны мыйзамсыз бузуп, тажикстандык аскерлер менен кагылышты. Орусиянын 201-аскер базасынын жоокерлери менен Тажикстандын десанттык-чабуул ротасы кылмышкерлерди убагында токтотту. Аскерлер машыгуулардын биринчи гана баскычында 120 ок атуу операциясын ийгиликтүү аткарып,  каршылаштардын объекттерин жок кылышты.

АНАТОЛИЙ СИДОРОВ, ЖККУНУН БИРГЕЛЕШКЕН ШТАБЫНЫН БАШЧЫСЫ:

- Борбордук Азия аймагындагы биргелешкен Куралдуу Күчтөрдүн отряддары аймактын ар кандай тышкы коркунучтарына каршы турууга  багытталган. Бул жалпы Борбордук Азия мамлекеттеринин Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун коопсуздугун камсыздоо үчүн тузүлгөн аскерий топ. Биргелешкен аракеттерди ар дайым машыктырып жана катуу көзөмөлдөп туруш керек.

АЛЕКСАНДР ЛАПИН, ОФНЫН КУРАЛДУУ КҮЧТӨРҮНҮН БОРБОРДУК АСКЕР ОКРУГУНУН БАШЧЫСЫ, ГЕНЕРАЛ ПОЛКОВНИК:

- Биринчи этапта биз биргелешкен иш аракетти талап кылган тапшырмаларды аткарышыбыз керек болду. Бир убакта жети тапшырманы биринин артынан бирин аткарып жаттык. Бул абдан маанилүү. Буга кошумча бирдиктүү башкаруу системасын ишке коштук. Бизде тилдик тоскоолдук жок, ошондуктан бул тапшырманы да кынтыксыз аткардык.

Фото: mod.gov.kz