Кыргызстанда грек жаңгагын жыйноо аяктады

Кыргызстанда грек жаңгагын жыйноо аяктады. Бүгүнкү күндө өлкө ЕАЭБ өлкөлөрүнө аталган өнүмдү ири экспорттоочулдын бири болуп саналат. Акыркы жылдары жеткирүүлөрдүн көлөмү менен географиясы бир кыйла кеңейди. Ага ылайык, киреше 2ден 7 миллион долларга чейин өстү. 20 тонналык бул өнүм Түркияга жөнөтүлөт. Аталган өлкөдө да Кыргызстанда өстүрүлгөн жаңгактарга суроо-талап жогору.

МАМАТ ТУРКМЕН, ТҮРКИЯЛЫК САТЫП АЛУУЧУ:

- КМШда грек жаңгагын өстүргөн көптөгөн компаниялар менен иштешебиз. Бирок кыргызстандык өнүм көбүрөөк жагат. Бул жаңгактардын майлуулугу жогору, 70 пайызга чейин. Анткени көп жыл турган дарактын жемиши даамдуу болот. Ал эми Кыргызстандагы дарактар жүз жылдан бери турат.

Грек жаңгагынын эки түрү бар: бүтүн жана чагылган. Акыркысы үч эсе кымбат турат. Аларды негизинен ири фирмалар сатып алат. Таңгакталгандан кийин өнүм экспортко жиберилет. Жаңгактын эки түрү тең атайын дүң базарларга коюлат. Алар плантацияларга жакын жерде жайгаштырылат. Бул чарбаларга өнүмдү түз сатууга мүмкүнчүлүк берет.

АЛХАБАР ЭРКИНБАЕВА, БАЗАР УЮШТУРУУЧУСУ:

- Мен жаңгак жыйноо менен алектенген тааныштарымды бул жакка чакырдым. Аларга бул жерди көрсөттүм. Андан кийин ири сатып алуучуларды издедим, аларды Түркиядан таап, бул жакка алып келдим. Акырындык менен адамдар бул жерге көнүп кетти. Эми аны бардыгы билет.

Жаңгактар саналуу сааттарда эле сатылып кетет. Кыргызстандын организмге пайдалуу, экологиялык жактан таза грек жаңгактарына суроо-талап ар дайым жогору.

Фото: orehovod.com