Кыргызстан эт экспортунун көлөмүн жогорулатууда

Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдик өлкөлөрүнө жана Кувейтке эт экспортунун көлөмүн көбөйттү. Аны менен бирге, үстүбүздөгү жылдын 9 айында республика чет өлкө рынокторуна жети жүз тоннадан ашуун өнүм жеткирди. Бул 2018-жыл менен салыштырганда эки эсеге көп. Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жогорку көрөткүчтөргө өлкөнүн ветеринАриялык көзөмөлдөө системасын биримдиктен башка мамлекеттердин системалары менен эквивалентүү деп таануу жана ири кара мал этин экспорттоого убактылуу чектөөлөрдү алып салуунун артында жетишилгенин белгилейт. Ошондой эле, ветеринардык аныктамаларды алуу санариптештирилген, бул бажылык көзөмөлдөн тоскоолдуксуз өтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

КАЛЫСБЕК ЖУМАКАНОВ, ВЕТЕРИНАРДЫК ЖАНА ФИТОСАНИТАРДЫК КООПСУЗДУК БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК ИНСПЕКЦИЯНЫН МҮДҮРҮ:

- Өнүм жүктөлүп жаткан кезде маалымат товарды импорттоочу Орусия менен Казакстанга чейин жетүүгө үлгүрөт. Ошол жакта ишкер алынган заты тууралуу толук маалыматты ала алат. Аны менен бирге, өндүрүлгөн өлкө тууралуу маалымат жазган, маркалаган, калибрлей турган атайын машина бар. Бардыгы бир гана баракта жазылат.

Бир гана мал союула турган жай чет өлкөлүк тапшырык берүүчүлөрдүн муктаждыктарына байланыштуу күнүнө бир тоннадан эки тоннага чейин эт экспорттойт. Жиберүү үчүн өнүмдүн белгилүү бир өлчөмүн ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын борбордук лабораториясына тапшыруу керек, ал жерде этте зыяндуу заттар менен оорулардын бар же жогу тыкыр текшерилет.

ТААЛАЙ ЖУМАТАЕВ, МАЛ СОЮУГА АРНАЛГАН ПУНКТУН ӨКҮЛҮ:

- Алар биздин этибизди текшерет, эгер эт стандарттарга ылайык келсе, биз өнүмдү экспортко жиберебиз. Ал эми кандайдыр бир оору табылса, бул партия толук жараксыз болот.

Бүгүнкү күндө республиканын көптөгөн тармактары «Исо» сапат системасынын шайкештик сертификатын алды. Ал документ бүткүл дүйнө боюнча эт өнүмдөрүн экспорттоого мүмкүнчүлүк берет.

Фото: meatinfo.ru