Өзбекстанга келген чет элдик туристтердин саны өсүп жатат

Өзбекстанга келген чет элдик туристтердин саны өсүп жатат. Саякатчылар тарыхый жана архитектуралык эстеликтерди көрүүгө умтулушат. Мындан сырткары өлкө чет элдиктерди климаты, бай маданияты, ошондой эле визасыз режими менен өзүнө тартат.

МЕХРИДДИН ХАЙРЕДДИНОВ, ОРУСИЯДАГЫ ӨЗБЕКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭЛЧИЛИГИНИН БАШКЫ КОНСУЛУ:

- Бизде азыр дээрлик 17 мамлекет үчүн визасыз режим бар. Планетанын ар бир жараны визага онлайн арыз бере алат жана кайрадан эле визаны онлайн жол менен ала алат.

Өзбекстандагы эң көп баруучу шаарлардын бири - Самарканд. Бул жерге дүйнөнүн бардык жеринен туристтер келет. Жыл сайын миңдеген саяткачыр жана зыяратчы Гур-Эмирдин мавзолейине багыт алат. Бул жерде Амир Тимур жана анын неберси Улукбек жерге берилген. Анын жанында белгилүү Биби Ханым мечити орун алган.

МИРИАМ, ТУРИСТ /АКШ/:

- Мен бир саат мурун келдим. Укмуштуудай таасир алдым, бардыгы мен күткөндөн да артык, айрыкча Алтын мечит...

Самарканд улуттук ырлар жана музыка боюнча да дүйнөлүк борборлордун бири. “Чыгыш ырлары” фестивалы жүздөгөн өлкөнүн жамаатын чогултат.

Мындан сырткары, туристтер көптөгөн улуттук тамак-аштардан даам сызышат. Мындай салттуу тамактардын бири - аш. Адистер Өзбекстан КМШ өлкөлөрүнүн арасында гастрономиялык туризм багытындагы эң алдыңкы бештикке кирерин баса белгилешет.

Айта кетсек, Самарканд – дүйнөдөгү эң байыркы шаарлардын бири.  Шаар эки жылдан ашык Кытай менен Европанын ортосундагы Улуу Жибек жолунун негизги пункту, ошондой эле, орто кылымдагы Чыгыштын башкы илимий борборлорунун бири болгон.

Фото: fergana.agency