Бишкекте сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун мааракесине арналган көргөзмө ачылды

«Эсимде». Дал ушундай аталыш менен Бишкекте СССРдин Эл артисти, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун мааракесине арналган көргөзмө ачылды. Ал көзү тирүү болгондо быйыл 80 жашка чыкмак. Ошондой эле, экспозиция сүрөтчүнүн аялы, Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, исскуство таануучу Салима Шабазованын элесине арналууда. Иш-чаранын демилгечиси алардын уулу болгон.

БАКТЫГУЛ ЧОКМОРОВ, С.ЧОКМОРОВДУН УУЛУ:

- Биз 89-жылдан баштап ар бир 10 жылда көргөзмө өткөрүп келебиз. Биздин кең пейил кыргыз эли абдан жакшы көргөн Сүймөнкул Чокморов жана анын чыгармачылыгы жөнүндө дагы көбүрөөк билүүсүн каалайбыз.

Көргөзмөгө жалпысынан сүрөтчүлөрдүн 100дөн ашык эмгеги коюлду. Бул жерден Сүймөнкул Чокморовдун биринчи картинасынан баштап, акыркы чыгармаларынын көпчүлүгүн көрүүгө болот.  Мындан тышкары, экспозиция үй-бүлөлүк архивдин уникалдуу сүрөттөрүн өзүнө камтыды.

ГЕННАДИЙ БАЗАРОВ, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИСКУССТВОСУНУН ЭМГЕК СИҢИРГЕН ИШМЕРИ:

- Мен аны менен сүйлөшкөнүмө, аны билгениме жана көргөнүмө кубанычтамын. Ал ушундай жөнөкөй, ачык-айрым, токтоо жана таланттуу сүрөтчү катары менин эсимде калды. 

БОЛОТ ШАМШИЕВ, КИНОРЕЖИССЁР. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАДАНИЯТЫНА ЭМГЕК СИҢИРГЕН ИШМЕР:

- Кыргыз элинде чоң майрам, анткени көрүнүктүү артист Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгы. Бизде ушундай артист болгонуна сыймыктанабыз. Менин оюмча, ал өлгөн жок, ал тирүү. Анткени көптөгөн жаштар Сүймөнкул Чокморовдун ишин татыктуу улантышат деп ишенем. Ошондуктан биз анын аты өчпөөсү үчүн ушундай иш-чараларды уюштурууга аракет кылып келебиз.

Бишкекте көргөзмө жетинин айынын 10на чейин иштейт. Андан кийин уюштуруучулар Кыргызстандын бир нече шаарын аралап, Чокморовдун чыгармачылыгын баалагандарга анын эмгектери менен жекече таанышууга мүмкүнчүлүк түзүп берет.

Фото: sputnik.kg