«Борбордук Азия – Корея Республикасы» форуму

Борбордук Азия мамлекеттери суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу жана техникалык стандартташтыруу жаатында Түштүк Кореянын тажрыйбасын колдонууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди Нур-Султан шаарындагы “Борбордук Азия – Корея Республикасы” 12-кызматташтык форумунда билдирди. Жыйынга аймактагы беш мамлекеттин жана Түштүк Корея өлкөсүнүн тышкы саясат мекемелеринин өкүлдөрү келди. Анын жүрүшүндө тараптар энергетика, минералдык ресурстар, курулуш жана билим тармактарында кызматташтыктын багыттарын талкуулашты.

МУХТАР ТЛЕУБЕРДИ, РКНЫН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИ:

- Казакстандын тышкы саясаты тең укуктуу жана ишенимдүү диалогду илгерилетүүгө, ошондой эле Борбордук Азиядагы соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо үчүн биздин өлкөлөрдүн күч-аракеттерин бириктирүүгө багытталган. Бүгүнкү күндө Борбордук Азия – эң динамикалуу өнүгүп жаткан аймактардын бири, анын стратегиялык орду маанилүү, адамдык жана экономикалык дарамети чоң, жаратылыш жана өнөр жай ресурстарына ээ.

Фото: kabar.kg