Тажикстанда кол өнөрчүлүк көргөзмөсү өттү

Тажикстанда кол өнөрчүлүк көргөзмөсү өттү. Тажрыйбалуу чеберлер улуттук кийимдерден баштап, килемдерге чейин ар кандай буюмдарды сунушташты. Бардыгы салттуу оймо-чиймелер менен кооздолгон. Бул тажиктердин улуттук саймалоо стили. 2018-жылы ал ЮНЕСКОнун маданий материалдык эмес мурасынын тизмесине киргизилген. Тажикстанда буга чейин элдик-колдонмо стилде жасалган буюмдарга чоң суроо-талап болгону менен, азыркы тапта бул стилге өзгөчө көңүл бөлүнүүдө. Ушул багытта белгилей кетүүчү жагдай, 2019-жыл Тажикстанда айыл, туризм жана элдик кол өнөрчүлүктүн өнүгүү жылы катары жарыялаган. Анын алкагында республиканын ар бир районунда ондогон кол өнөрчүлүк мектептери менен ишканалары ачылды. Аталган ишке кызыктар болгондор кол өнөрчүлүктүн 85 түрдүү багыттагы эски өзгөчөлүктөрүн өздөштүрүштү.

Фото: ryazan.bezformata.com