Жырау - Борбордук Азиянын руханий мурасы

Ырдоочулук өнөр – бул көчмөн элдеринин музыкалык өнөрүнүн чыныгы пайдубалы. Бул байыркы музыкалык-фольклордук агымдын негизги өзгөчөлүгү – поэзия, музыка жана аткаруучулук чеберчилигинин жогорку деңгээлдеги айкалышы. Аталган багыттын негизги жанрлары – айтуучулук өнөр, философиялык ой-толгоо жана термелер. Жалпы ырдоочулук салт Борбор Азия аймагында ХV-ХVІІІ кылымдарда өзгөчө өнүккөн. Аталган өнөрдүн эң жаркын жана белгилүү ырчылары Асан Кайгы, Казтуган, Доспамбет, Шалкииз, Жиембет жана Маргаска. Алар өз ырларында коомдогу эң өзөктүү көйгөйлөрдү көтөрүшкөн жана казак элинин маданий жашоосунда  маанилүү роль ойношкон. Белгилей кетсек, ырдоочулук өнөр – бул борбор азиялык аймактын чыныгы руханий мурасы.

АЛМАС АЛМАТОВ, ЫРЧЫ, РК ЭМГЕК СИҢИРГЕН ИШМЕРИ:

- Түрк доорунда Борбор Азия аймагында ырдоочулук өнөр менен алектенгендерди узандар деп аташкан. Дал ошол мезгилдерде казак талаасында аталган өнөр өнүгө баштаган. Азиялык бакшы, азербайжандык ашуктар, түрк узандары. Ар кайсы чөлкөмдө ар кандай аталышты алып жүрүшкөнү менен алардын жеткирүүсү, стили, алардын түпкү тарыхый тамыры бир деп айтсак болот. Алардын бардыгы өнөрдө, музыкада, маданиятта жогорку деңгээлде байкалат. Өнөр – бул достуктун жана боордоштуктун бешиги.

Фото: adebiportal.kz