Кыргызстандын борборунда электр байланыш биримдигинин эл аралык форуму өттү

Жаңы технологиялардын өнүгүшү жашоону канчалык өзгөртөт? Бул тууралуу Кыргызстандын борборунда өткөн электр байланыш биримдигинин эл аралык форумунда талкууланды. Ушул багытта Бишкекте Орусия, Өзбекстан, Беларусь, Украина, Пакистан менен Грузия серепчилери чогулду.

ДАСТАН ДОГОЕВ, КР МААЛЫМАТТЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР ЖАНА БАЙЛАНЫШ МАМЛЕКЕТТИК КОМИТЕТИНИН ТӨРАГАСЫ:

- Кызыктар болгон тараптар - бул акимчилик байланыш менен тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, бизнес коомчулук, операторлор жана серепчилер. Адистер аталган тармакта жаңы технологияларды киргизүү боюнча суроолорду талкуулашты. Аймактык деңгээлде өткөн бул форумдун жыйынтыгы боюнча байланыш тармагын өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу эффективдүү чечимдер чыгарыла турган болду.  

Форумдун алкагында интерактивдүү  сессиялар, пленардык отурумдар жана тегерек столдор өттү. Катышуучулар саламаттыкты сактоо, айыл чарба, санариптик башкаруу сыяктуу тармактарда бирдиктүү экономикалык мейкиндигиндеги өлкөлөрдүн арасында өнөктөштүк орнотуп, ресурс бириктирүү боюнча маселелерди караштырышты.

КИРИЛЛ ОПАРИН, СЭМ АЙМАКТЫК БӨЛҮМҮНҮН БАШЧЫСЫ:

- Биз биргеликте жалпыга орток санариптештирүү саясатына келишибиз керек. Мисалы, Кыргыз Республикасынын жарандарына саламаттыкты сактоо сыяктуу ар кандай мамлекеттик уюмдардын кызматтары менен үйлөрүнөн чыкпастан эле пайдалануу эффективдүү болушу үчүн аракет кылышыбыз керек.

Форумдун жыйынтыгында катышуучулар өлкөлөрдүн алдыдагы жылдары өз ара байланышын жогорулатууга багытталган бир катар сунуштарды беришти.

Фото: magazin-simvoliki.ru