Азыркы заманбап үлгүдөгү Борбор Азиянын мотивдери

Кийимдердеги чыгыш жазуулар, кийизден жасалган жана улуттук орнаменти бар аксессуарлар. Бүгүнкү күндө этникалык мотивдерди Борбордук Азия өлкөлөрүнүн дизайнерлери жигердүү колдонушат. Кутьюренин айтуусунда, элдик салттарга негизделген өзгөчө стилистикалык чечимдер заманбап модачылардын кызыгуусун туудурат.

АЙДАНА МИНАЙДАРОВА, ДИЗАЙНЕР / КАЗАКСТАН:

- Азыр биздин дизайнерлер чон энелерибиз жана ата-бабаларыбыз колдонгон эски кездемелерди жасап киргизүүдө. Негизинен бул мурункудан өзгөчө жаңы нерселерди, искусствого, жогорку модага, чыгармачылыкка көбүрөөк тартуу үчүн. Мунун баары абдан маанилүү. Биздин маданий өзгөчөлүктөрүбүздү, материалдарыбызды, мүмкүн биздин басып чыгарууларыбызды же түстөр гаммасын киргизүү абдан маанилүү болуп саналат.

Бүгүнкү күндө көптөгөн дизайнерлер үчүн этно стиль дүйнөдөгү прет-а-порте́ өзүнчө бир визиттик карточка болуп калганы жашыруун эмес. Анын үстүнө, ал өзүнө мүнөздүү өзгөчөлүктөргө ээ. Кийим менен бут кийимди бир гана табигый кездеме жана материалдардан жасоо эң башкысы. Мисалы, жибек, пахта, жүн, тери же лён. Борбордук Азия аймагынын жаш моделдеринин стандарттуу эмес, бирок ачык иштери аларга жаңы fashion-мейкиндигинде ийгиликти багындырууга мүмкүндүк берет. Андан сырткары цех боюнча чет элдик кесиптештерин шыктандырат.

ИРИНА БАЙЖАНОВА, МОДА ЖААТЫНДАГЫ СЕРЕПЧИ:

- Өзүңүздөр билгендей, үч жыл мурун Дрис Ван Нотендин коллекциясы өзбек орнаменти менен чыкты, бардыгы таң калды, бардыгына кандай дизайнер ушундай улуттук оймо-чиймелери менен чыкканын көрүү абдан кызыктуу болду. Дүйнөнүн бардык дизайнерлерин суктандырды, алар дал ушул Борбордук Азияга суктанышат.

Мода тармагындагы адистер ар дайым көңүл чордондо болуу үчүн сөзсүз түрдө улуттук кийим кийүү маанилүү эмес деп эсептешет. Болгону кийимди этникалык мотивдер менен кооздоо жетиштүү. Дизайнерлер ата мекендик саркеч кыздардын бардык талаптарын аткаруу үчүн колунан келгенин кылып келишет.

ЛЮДМИЛА МИХАЙЛОВА, ДИЗАЙНЕРЛЕР ҮЧҮН КОНСАЛТИНГ КОМПАНИЯСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ / ФРАНЦИЯ:

- Менин оюмча, ар бир өлкөнүн өзүнүн тарыхы бар. Искусство, дизайн аркылуу сөзсүз түрдө көрсөтүү керек жана бул ар бир өлкөнүн энчиси болуп саналат. Ошондуктан Казакстандын мода аркылуу көрсөтө турган чоң жагдайы бар.

Борбордук Азия мотивдери европалык стиль менен жакшы байланышарын жыл сайын өтүүчү мода жумалыгы тастыктап келет. Алар аймакта гана эмес, ошондой эле анын чегинен тышкары да өтүп келет. Мында чет элдик бычмачылар байыркы бейнелерден алыстап, Борбордук Азия этностилинин өзгөчө рухун көрсөтүп келишет. 

Фото: liza4u.kz