Борбордук Азиядагы жаңылыктарга саресеп салу

Борбордук Азиядагы жаңылыктарга саресеп салу

Казакстан аймактагы газ транзити боюнча ири хаб болуп калды. Биринчи жарым жылдыкта түтүк аркылуу көгүлтүр отун ташуу көлөмү дээрлик 140 млн тоннаны түздү. Бул былтыркыга караганда 1%га  көп. 2018-жылдагы жалпы көрсөткүч 280 миллион тоннадан ашкан. 2017-жылга караганда өсүш 20,6 пайызга барабар. Республикада магистралдык газ түтүктөрүнүн узундугу акыркы он жылдыкта дээрлик 2 эсе өскөн. Казакстан жаңы газ түтүктөрүн, компрессордук станцияларды куруунун жана жаңы технологияларды киргизүүнүн эсебинен өзүнүн газ-транспорттук жана транзиттик дараметин жогору пайдалана алды.

****************

Азия өнүктүрүү банкы Өзбекстанда фотоэлектрдик станцияны куруу боюнча долбоорду колдойт. Анын болжолдуу баасы 800 млн. доллар. Фотоэлектрдик станциялардын мерчемделген кубаты - 1000 МВтга чейин жетет. Эл аралык финансылык институт долбоордун концепциясын, каржы үлгүсүн, электр энергиясын сатып алуу жөнүндө макулдашууну даярдоону уюштурат. Долбоорду ишке ашыруунун башталышы 2021-жылга белгиленди.

**************

Европалык комиссия Тажикстандын айыл жерлерин өнүктүрүүгө багытталган 59 миллион евро өлчөмүндөгү колдоо программасынын башталгандыгын жарыялады. Мындан тышкары, Евробиримдик ишкерликтин атаандаштыкка туруктуулугун жогорулатууга, табигый ресурстарды башкарууну күчөтүүгө жана республикада суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга колдоо көрсөтөт.

**************

 

Өзбекстанда жаштар туризмин өнүктүрүү концепциясы иштелип чыгат. Бул өлкөнү диверсификациялоого багытталган артыкчылыктуу маселе. Негизги максат - Өзбекстанга жаш туристтерди тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, маданий оюн-зоок иш-чараларын уюштуруу, жаш туристтер үчүн жеңилдиктер системасын жана тийиштүү ички түзүмдү куруу болуп саналат.

Фото: center.kg