Кыргызстанда экинчи жолу «Ош Фест-2019» туризм фестивалы өттү

Кыргызстанда экинчи жолу «Ош Фест-2019» туризм фестивалы өттү. Иш-чаранын негизги максаты – шаардын жагымдуу көрүнүшүн калыптандыруу жана анын туристтик арымын жогорулатуу.

Майрамдык иш-чараны чыгыш кербени ачты. Ал бир нече кылым мурдагыдай шаардын көчөлөрү менен салтанаттуу түрдө басып өттү. Белгилей кетсек, Ош байыртадан Улуу Жибек жолундагы ири соода, коомдук-экономикалык жана маданий борбор болгон. Чыгыштан Батышка багыт алган кербендер ушул шаарда токтошкон. Фестивалдын уюштуруучулары ушул тарыхый көрүнүштү көрсөтүүгө чечим кабыл алган.

БҮСАДАТ САТЫБАЛДИЕВА, АЛАЙ РАЙОНУНУН ТУРГУНУ:

-Орто кылымдарда Ош аркылуу соода жолу өткөн. Соодагерлер өз товарларын Индияга, Иранга алып барышкан. Алар миңдеген чакырымды ушундай кербен менен багындырышкан.

Ошондой эле, иш-чаранын алкагында жармаңке, кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмөсү, түрк элдеринин сүрөтчүлөрүнүн сүрөт көргөзмөсү, этномода көрсөтүүлөрү, элдик музыкалык концерт жана театралдаштырылган көрсөтүү уюштурулду. Мазмундуу жана жаркын программа конокторду өзүнө байлап алды. Алардын арасында туристтер арбын болду.

БЛИЦ:

– Майрам абдан кызыктуу. Ар кандай элдердин каада-салттары, маданияты көрсөтүлдү. Бардыгы биз үчүн абдан пайдалуу жана кызыктуу болду.

Мага кербен абдан жакты. Сулайман-Тоо жана албетте адамдар купулума толду. Бардыгы ак көңүл, ачык.

Уюштуруучулар иш-чараны салтка айландырууну көздөп жатат. Себеби тажрыйба көрсөткөндөй, аталган саамалык аймакка көп сандагы чет өлкөлүк саякатчыларды тартат. Эскерте кетсек, алгачкы туристтик фестиваль мындан эки жыл мурун Кыргызстандын Ош шаарында өткөн.

Фото: kabar.kg