Өзбекстан жаштары казакстандык жогорку окуу жайларын тандоодо

Өзбекстан жаштары казакстандык жогорку окуу жайларын тандоодо. Былтыр өлкөдө коңшу өлкөдөн 12 миңден ашуун талапкер окууга кабыл алынган. Ал эми, быйыл бул көрсөткүч жогорулайт. Буга алыстыктан билим берүү система мүмкүнчүлүгү таасирин тийгизди. Талапкерлердин санына да чектөө коюлган эмес, - дейт адистер. Казакстандын ири окуу жайлары Өзбекстанда документ кабыл алуу компаниясын уюштурду. Айрыкча, унаа ташуу, темир жол, педагогика, электр энергиясы жана маалыматтык технология адистигине болгон суроо-талап жогору. Казакстанда билим берүү системасына киргизилген өзгөрүүгө ылайык, шакирт менен окутуучунун ортосундагы байланыш интернет аркылуу онлайн режиминде жүргүзүлөт. Студент Өзбекстанда олтуруп эле тапшырма алат жана аны каалаган убагында аткарат. Керек болсо, колледжди бүтүргөн бүтүрүүчүлөр да экинчи адистик боюнча Казакстанды тандап жатышат.

ДИАНА КАМИЛОВА, КАРАКАЛПАКСТАНДЫК ТАЛАПКЕР:

- Мен Ташкент шаарында орто-кесиптик колледжинде банк иши боюнча адистикти бүтүрдүм. Эми жогорку билимге ээ болгум келет. Аталган максатка жетүү үчүн Казакстандагы ири, белгилүү университетти тандадым.

ЕҢЛИКХАН КОЗЫБАЕВ, М.АУЕЗОВ АТЫНДАГЫ ТҮШТҮК КАЗАКСТАН МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН АЛЫСТЫКТАН БИЛИМ БЕРҮҮ ИНСТИТУТУНУН МҮДҮРҮ:

- Жалпы Өзбекстан жаштары үчүн бизде чектөө жок. Мүмкүнчүлүккө жараша документтерин тапшырган бардык талапкерлерди кабыл алууга аракет кылабыз. Алыстыктан билим алуу технологиясы дал ушундай мүмкүнчүлүктөрдү берет. Билим берүү жараяны дал ушул технология аркылуу түзүлөт.

Фото: Хабар 24