«Central Asia’s Got Talent» шоусунун жарым финалчылары тандалды

Аяк оона айынын он бешинде «Хабар» телеканалында Central Asia’s Got Talent теле шоусу башталат. Ар жекшембиде көрүүчүлөр Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Казакстандан келген катышуучулар менен таанышат. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө калыстардын катышуусу менен өткөн угууларды тартуу жараяндары аяктап,.

СЕРИК АКИШЕВ, ДОЛБООРДУН БАШКЫ ПРОДЮСЕРИ:

- Долбоорго катышуучулар бир гана борбордон эмес, аймактардагы чоң-кичине шаарлардан, айылдардан, чакан конуштардан келгендер бар. Алардын ичинде кээ бири ири долбоорго катыша албаган, өтпөгөн талант ээлер болушу мүмкүн.

«Борбор Азия таланттарды издейт» - Хабар агенттигинин долбоору. Ал белгилүү британиялык Got Talent телевизиондук сынактын форматында жасалган. Бирок Хабар агенттиги көрсөтүү аймагын кеңейтүүнү жана аны дароо төрт өлкөдө өткөрүүнү сунуштаган. Шоудо казакстандыктар үчүн эң кыйын учур – кара кылды как жарган калыстар тобунун сынынан өтүү болду. Себеби жүздөгөн талапкерлердин ичинен 24 гана өнөр ээси жарым финалга жолдомо алды.

АЙКҮМИС СЕКСЕНБАЕВА «ХАБАР» КАНАЛЫНЫН ПРОГРАММАЛАР БӨЛҮМҮНҮН МҮДҮРҮ:

- Got Talent форматы бүткүл дүйнөгө белгилүү, керек болсо Гиннестин рекорддор китебине кирди. Ошондуктан биз долбоорду өз өлкөбүзгө ылайыкташтырып, кабыл алдык. Бул формат Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүнө кызыктуу болот деп ойлойбуз. Жашы менен таланты боюнча чектөөлөр жок. Ошондуктан «Хабар» каналынын көрүүчүлөрү менен бизди аймактарда колдогон бардык теле каналдардын көрүүчүлөрү өздөрүнүн мекендештерин жана башка коңшу өлкөлөрдөгү катышуучуларга колдоо көрсөтүшөт деп ишенебиз. Негизги максат – жаңы ысымдарды аныктоо, таланттарын көрсөтүү жана ачуу.

Бештин айынын 22де «Хабар» телеканалында таланттар шоусунун финалы өтөт. Жыйынтыктар боюнча төрт өлкөдөн төрт жеңүүчү жана долбоордун башкы жеңичүүсү аныкталат.

Фото: tj.sputniknews.ru