Кытай менен Борбор Азия коопсуздук чөйрөсүндө кызматташтыкты бекемдөөдө

Кытай Борбор Азия өлкөлөрү менен коопсуздук чөйрөсүндө кызматашттыкты бекемдөөдө. Мындай өнөктөштүктүн бири катары КЭР биргеликте окуу-машыгууларды эсептейт. Кытайдын полициясы жана Кыргызстандын Улуттук Гвардиясы эки мамлекет башчылары жетишкен макулдашууларды ишке ашыруу менен биргелешкен антитеррордук машыгууларды өткөрүп жатат. Мындай машыгуулар коопсуздук чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө, Куралдуу Күчтөрдүн күжүрмөн жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана мамлекеттер аралык мамилелердин мазмунун байытууга багытталган.

ЮСУП АБДРАХМАНОВ, КЫРГЫЗСТАНДЫН УЛУТТУК ГВАРДИЯСЫНЫН АТАЙЫН ДАЯРДЫКТАГЫ БАТАЛЬОНДУН КОМАНДИРИ:

- Кытай-кыргыз окуу-машыгуулары - бул эки өлкөнүн ортосундагы аскердик терроризмге каршы турууда координацияны бекемдөө үчүн жакшы мүмкүнчүлүк. Бизге согуш иш-ыкмасы менен байланышкан маселелер боюнча Кытай кесиптештердин тажрыйбасы пайдалуу болот.

ХЭ ЛИФЭН, СУАР ЭЛДИК КУРАЛДУУ ПОЛИЦИЯСЫНЫН СОГУШТУК ТОПТУН БАШКЫ БӨЛҮГҮНҮН КОМАНДИРИ:

- Биз терроризмге каршы күрөшүү жана ыкчам командачылыктын көндүмдөрүн өркүндөтүү максатында Кыргыз кесиптештер менен терроризмге каршы күрөшүү иш-аракеттерин иштеп чыккыбыз келет.

Ошондой эле, Кытай Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автономиялык облусундагы кесиптештери менен аскерий окуу-машыгуу өткөрөт. Биргелешкен машыгууларга Кытай Эл Боштондук армиясынын бир ротасы жана Тажикстан Коргоо министрлигинин мобилдик аскерерлер батальону катышат: бардыгы 1200гө жакын аскер кызматкерлери, КЭРден 580. Эки өлкөнүн аскер кызматкерлери атышуу даярдыгынын ыкмаларын, ошондой эле терроризмге каршы биргелешкен чалгындоо жана издөө – куткаруу операцияларына өзгөчө басым жасайт.

Фото: berlek-nkp.com