Темир жол жүк жеткирүү жаңы багыты Сиянь менен Бишкекти байланыштырды

Борбор Азия өлкөлөрү менен Кытай товар жүгүртүү көлөмүн арттырууда. Бул аймактын транзиттик дараметине да өбөлгө. Серепчилердин пикиринде, контейнердик ташуулар КЭРдин батыш аймактары менен Борбор Азия республикаларынын ортосундагы экономикалык өз ара иш аракеттерди көбөйтүүгө жардам берет.

Жакында Кытай Эл Республикасы Сиянь-Бишкек темир жол каттамын ишке киргизди. Ал жүк жеткирүүнүн убактысын 10 күндөн 7 күнгө чейин кыскартат. Бул убакыт аралыгында поезд дээрлик 4 миң чакырымды басып өтөт. Кыргызстандын борборуна өнөр жай жана керектөө товарларынын кеңири жыйындысын, кийимден унаа жабдууларына чейин жеткирет. Каттам ташуунун наркын 700 долларга чейин төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет. Белгилей кетсек, кулжа айында Сиянь жетекчилиги жана "Бишкек" эркин экономикалык аймагы Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүүнү жогорулатуу үчүн мүмкүндүктөрдү иштеп чыгууну макулдашкан. Мындан тышкары, жаңы темир жол боюнча Борбор Азияга КЭР товарларын дагы аймактардан ташып келүү көздөлүүдө.