“Борбор Азия таланттарды издейт” жаңы долбоору

Central Asia`s got talent. Бул «Хабар» агенттигинин жаңы долбоору. Борбор Азиянын шаарларында катышуучуларды тандоо турлары өттү. Долбоорго өзгөчө жөндөмдүүлүктөрү бар таланттын ээлери катыша алат. Таланттуулардын жарышында казакстандыктар да өз өнөрлөрүн ортого салышат.

АЛЕКСАНДР ШУМАКОВ, СЫНАКТЫН КАТЫШУУЧУСУ:

- Мен Central Asia`s got talent долбооруна чыныгы сыйкырдын эмне экенин көрсөтүү үчүн келдим. Бул жанрда иштеп жатканыма жети жыл болду. Таң калтыра алам деп ойлоймун.

«Борбор Азия таланттарды издейт» долбоору – белгилүү британиялык шоунун форматы. Жыл сайын жетимиштен ашуун мамлекетте салттуу түрдө өтүп турат. Керек болсо Гиннестин рекорддор китебине киргизилген. Өз кезегинде, борбор азиялык нускасына Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын  таланттуулары катышат.

НҰРЖАН ЖУМАШЕВ, «CENTRAL ASIA`S GOT TALENT» ДОЛБООРУНУН ПРОДЮСЕРИ:

- Быйыл сынакка катышууга бир жарым миңден ашуун адамдан өтүнмө келип түштү. Тандап олтуруп, эң мыкты 4 катышуучуну тандап алабыз. Ошондой эле Борбор Азия боюнча башкы жеңүүчү болот.

Далай өлкөнүн көрүүчүлөрүн таң калтырган долбоордун Казакстандагы акыркы жарышы бештин айынын жыйырма экисинде өтөт. Ал «Хабар» телеканалынын түз эфиринде жана Борбор Азия өлкөлөрүндө да көрсөтүлөт.

Фото: khabar.kz