Борбордук Азия: Жапайы канаттууларды сактоо

Борбордук Азия: Жапайы канаттууларды сактоо

Борбордук Азиянын сейрек жана жок болуп бара жаткан канаттуулар түрлөрүн сактоо. Бүгүнкү күндө бул тема дүйнөнүн алдыңкы окумуштууларынын көңүлүн бурууда. Америкалык биолог жана орнитолог Тодд Кацнер аймактагы жапайы канаттууларды изилдөө менен алектенүүдө. Ал өзүнүн долбоорунун алкагында Казакстандын  НаурзУм коругунда болуп, падыша бүркүт, талаа бүркүт жана ак куйруктуу орлан сыяктуу түрлөрүн изилдеди. Өз ишинде чет өлкөлүк адис экологиялык чөйрөдөгү заманбап технологияларга таянат. Илимпоз куштардын бардык түрлөрүнө мониторинг жасоого керектелүүчү атайын система кураштырууга катышкан. Орнитологдун айтымында, бул технология Борбордук Азиядагы куштардын экологиялык изилдөөлөрү үчүн өтө маанилүү.

ТОДД КАЦНЕР, БИОЛОГ, ЖАПАЙЫ ЖАРАТЫЛЫШТЫ ИЗИЛДӨӨЧҮ:

- Чындыгында бүркүттөрдү кармоо абдан кыйын. Буга беш же он күн кетиши мүмкүн. Эгер мен бүркүттөрдүн популяциясын изилдөөнү кааласам, бул ишти жүргүзүү үчүн көп каражат жана убакыт талап кылынат. Эгер мен инвазивдик эмес ыкманы колдоно турган болсом, анда баары алда канча жеңил болмок. Биз бул технологияны Казакстанда изилдөө иштерин жүргүзгөн учурда ойлоп таптык. Ал тиешелүү генетикалык анализди жасоого негизделген. Биз бар болгону бир аптанын ичинде 50-60 бүркүт уясынан бизге керектүү изилдөө материалдарын жыйнай алабыз. Бул жөнөкөй метод болгону менен натыйжасы өтө жакшы.

Фото: Stan.kz