Тажикстандын байыркы маданиятынын күбөсү - Гиссар чеби

Улуттун санжырасы жана мамлекеттин курулушу тарыхы менен баалуу. Тажикстандын тубаса табияты менен бирге касиеттүү жайлар, жергиликтүү элдин өткөнү чет өлкөлүк туристтердин назарын өзүнө байлап келет. Бүгүнкү күндө өлкөдө үч миңден ашуун байыркы эстеликтер бар. Сырттан келгендердин көпчүлүгү Гиссар тарыхый-маданий коругуна барбастан кетпейт. 17 гектардан ашуун аймакты ээлеп жаткан комплекс Улуу Жибек жолундагы кербен шаарынын негизинде курулган.

ЖЕҢИС ЕРМУКАНОВ, ЖУРНАЛИСТ:

-  Туура 500 жыл мурун жаңыртылган байыркы чептин дарбазасы Борбор Азия элдеринин миң жылдык тарыхы тунуп турган ушул таштардын негизинде салынган.

Чептин дарбазасы кыйроого учураган он алты чептин ордунда көтөрүлгөн. Өткөн кылымдын 20-жылдарына чейин Чыгыш Бухар Амирлигинин борбору болгон Гиссар б.з.ч. 8-кылымга чейин «Шумон», башкача айтканда, «жер маңдайы» деп аталган. Жалпы, шаар тарыхы тереңде жатат, байыркы замандан башат алат.

АКМАЛ ХАМИДОВ, «ГИССАР ТАРЫХЫЙ-МАДАНИЙ КОРУГУ» БӨЛҮМҮНҮН ЖЕТЕКЧИСИ / ТАЖИКСТАН/:

- 1946-жылы археолог Алексей Павлович Окладников ушул жерден таш дооруна тиешелүү экспонаттарды тапкан. Ал байыркы калдыктар болжол менен сегиз миң жылдык тарыхы бар маданиятка жатат. Ошондой эле, коло кезеңинин мүрзөсү аныкталды. Жерге берүү жараянынын жасалганына 4200 жыл болгон. Ушунун баары Гиссардын тарыхы бай жана байыркы шаар экенинен кабар берет.

Керек болсо б.з.ч төртүнчү кылымда бул касиеттүү жерди Александр Македонскийдин аскерлери басып алгандыгын далилдеген экспонаттар көп санда табылган. Анын бири жакында курулушу жаңыртылган амфитеатр.

АКМАЛ ХАМИДОВ, «ГИССАР ТАРЫХЫЙ-МАДАНИЙ КОРУГУ» БӨЛҮМҮНҮН ЖЕТЕКЧИСИ / ТАЖИКСТАН/:

- Бул жерде гректер бийлик жүргүзгөнүн далилдеген археологиялык экспонаттар бар. Ушул аймакта алардын жөрөлгөлүк салтына тиешелүү мүрзө аныкталды. Ошондой эле Гиссар чебинде Кариинск орденине тиешелүү ушул капитель табылды. Мунун баары Гиссар Империя курамына кирип, ушул жердин Борбор Азия аймагындагы ири делген тарыхый окуялардын очогу болгонун далилдейт.

6-кылымда чеп Перс Империясынын карамагында болгон. Арадан эки доор өтүп, бийлик толугу менен ислам эмирлеринин колуна өткөн. Мисалы, Саманиддер, Хазневиддер, Чыңгызхан Империясынын Чагатай уруусу менен Темир династиясынын калдыктары байыркы медресе, күмбөздөр менен мечит сыяктуу диний объекттер бүгүнкү күндө кайра калыбына келтирилип жатат.

ЖЕҢИС ЕРМУКАНОВ, ЖУРНАЛИСТ:

- Көк тиреген Гиссар тоолору, Тажикстандын борбору ат чабым жерде жатат, Гиссар аянты алакандай. Эң сонун көрүнүш. Бул деңиз деңгээлинен 850 метр бийиктикте жайгашкан чептин эң бийик чокусу. Бул чокуда Гиссар башкаруучуларынын сарайы жайгашкан. Азыр байыркы экспонатты жаңыртуу жумуштары жүрүп жатат. Ушул айланада музей комлекси бой көтөрөт.

Жаңыртууну талап кылган тарыхый объекттер жетиштүү дешет адистер. Бүгүнкү күндө Гиссар аянтындагы объекттин 20 пайызы гана изилденген. Сырга бай табышмактуу аймак өзүнө көп тарыхты камтыйт.

АКМАЛ ХАМИДОВ, «ГИССАР ТАРЫХЫЙ-МАДАНИЙ КОРУГУ» БӨЛҮМҮНҮН ЖЕТЕКЧИСИ /ТАЖИКСТАН/:

- Бул жер тарыхка бай. Аны бардык жерден байкоого болот. Терең маани берип карасак, миңдеген жылдар бою эл турмушта колдонулган байыркы заттар табылат. Мисалы, бул жерде кыш идиштин түбү жатат. Кеминде миң жылдык тарыхы бар.

Борбор Азия элинин миң жылдык өмүрдү башынан өткөргөн чеп дүйнө кыдырып жүргөн туристтердин жогорку кызыгуусун жаратат. Былтыр гана чеп менен тогуз миңдин айлансында саякатчы таанышууга жетишкен.

НОТИХ ТОРАБИ, ТУРИСТ /ФРАНЦИЯ/:

- Мен Дүйшөмбүгө биринчи жолу келип жатам. Өлкөнүн тарыхына мурунтан кызыкчумун. Мезгили келип, Тажиктсанга турист катары кадам таштадым. Гиссар чебин толуктай көрүүгө жетишкен жокмун. Бирок бул жердин Иран, Тажик, Ооган жана Өзбек сыяктуу Азия элдеринин орток маданиятынын чогулуусу экенин жакшы билем.

МАСТОНА ОРИФОВА, ТАЖИКСТАНДЫН ЖАШООЧУСУ:

- Гиссар тажик элинин бай тарыхынан кабар берген шаар. Бул бир гана тажик элинин мурасы эмес, жалпы Борбор Азия аймагы өлкөлөрүнүн сыймыгы.

Бул жергиликтүү элдин археологиялык жактан бай тарыхын далилдеген экспонаттардын бир бөлүгү болсо, өткөндөн кабар берген жазма маалыматтардын көпчүлүгү Улуттук китепкана фондунда чогултулган. Чыгыш кол жазмалары жана сейрек кездешкен байыркы китептер менен ушул жерден таанышууга болот.

САЙОРА КАРИМОВА, ТАЖИКСТАНДЫН УЛУТТУК КИТЕПКАНАСЫНЫН БӨЛҮМҮНҮН БАШКЫ АДИСИ:

- Эң байыркы китеп адамзаттын пайда болуусу тууралуу жазылган «Табари тарыхы» деп аталат. Мухаммед пайгамбардын өмүрүн баяндаган Сиари Шарифтин эмгеги көлөмү менен салмагы боюнча эң чоң китеп катары саналат. Анын салмагы 7,5 килограммды түзөт. Бизде алтын тамгалар менен басылган 700 жылдык тарыхы бар куран менен таанышууга болот. Литографиялык ыкмасы менен жазылган кичинекей куранды алаканга чоңойткуч айнек аркылуу гана окуй аласыз. Анын салмагы 1,6 грамм. Ошондой эле бөлүмдө Гиссар чебинде табылган жаныбарлардын терисине жазылган 12-кылымдын сатып-алуу келишими сакталуу.

Жалпы, руханий азык мекенинде он миллион даанага чамалаган жыйырма сегиз китеп кампасы бар. Бүгүнкү күндө фонддо алты миллион китеп сакталуу. Анын жүз миңи электронлдук үлгүгө көчүрүлгөн. Ошондой эле, жарым миллионго жакын илимий диссертация санариптик системага өткөрүлгөн.

ЖЕҢИС ЕРМУКАНОВ, ЖУРНАЛИСТ:

Чет өлкө бөлүмүндө дүйнөлүк цивилизациядан кабар берген 90 миңге жакын китеп фонду бар. Алар дүйнөнүн 42 тилинде жазылган. Алардын катарында Казакстандын тарыхы, маданияты жана адабияты менен таанышууга мүмкүнчүлүк бар.

Таанып-билүүчүлүк мекеме 1500 адамга арналган 25 окуу залы менен камтылган. Негизги окурмандардын катарында жаш өспүрүмдөрдүн катары калың.

РОЗА БЕКОВА, ТАЖИКСТАНДЫН ЖАШООЧУСУ:

- Мен китепканага жети жашымдан бери келип жүрөм. Ырлар менен жомокторду окуганды жакшы көрөм. Айыл, дүйнө тууралуу ырлар менен ар түрдүү элдин жомокторун билгим келет.

СИОВУШ ХАМИДОВ, ТАЖИКСТАНДЫН ЖАШООЧУСУ:

- Мен тарыхый китептерди сүйүп окуйм. Бардык өлкөлөрдүн тарыхы менен таанышкым келет. Мага таанып-билүүчүлүк энциклопедиялар менен жомоктор да абдан кызык. 

ЖЕҢИС ЕРМУКАНОВ, ЖУРНАЛИСТ:

Бул масштабдуу дубал сүрөтүндө тажик элинин беш миң жылдык тарыхы камтылган. Аны Эл сүрөтчүсү Сабзали Шарипов жыйырма бир жыл бою тарткан.

Бул Борбор Азия аймагындагы көлөмү боюнча эң чоң китепкана. Улуттук руханий фонд 45 миң чарчы метр аймакты ээлеп жатат. Архитектуралык имараттын сырткы көрүнүшү ачык китепти чагылдырат. Ал эми айланасын Тажикстандын акылман ойчулдары менен улуу калемгерлеринин айкелдери курчап турат.

ЖЕҢИС ЕРМУКАНОВ, ЖУРНАЛИСТ:

- Тажик эли өздөрүнүн далысы жерге тийбеген балбандары менен да белгилүү. Улуттук майрамдардын бири да гуштингирисиз өтпөйт. Салттуу күрөштүн тарыхы байыркы бешинчи, алтынчы кылымдардан башат алат.

Эмомхусейн Умаров байыркы тарыхы бар Борбор Азиядагы эркин күрөш менен спорттун бир нече түрүн бирге алып жүрөт. Болгону үч жашында саламаттуу өмүр салттын карманууга белди бекем байлаган талант ээси Гиннесстин рекорддор китебине кирген. Машыгууларын үзбөгөн жаш балбан ортого 4 жыл салып 6 саат 20 мүнөттүн ичинде токтоосуз колдорун бүгүп-жайып 11 миң жолу көкүрөгүн жерден көтөргөн.

ЭМОМХУСЕЙН УМАРОВ, СПОРТЧУ:

- Мен азыр сегиз жаштамын. Спорттун бардык түрлөрү менен алектене берем. Келечекте дүйнө чемпиону болуу үчүн күн сайын машыгам.

Гуштингиринин мыкты чеберлерин «балбан» - баатырлар деп аташат, алар элдин арасында белгилүү жана сый-урматка ээ. Бул топурак далай жоон билектерди көтөрдү.

БЕРУЗ ХОДЖАЗОДА, КҮРӨШ БОЮНЧА ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНУ:

- Мен самбо күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болдум. Ал үчүн 14 жыл бою машыктым. Палвандар дүйнөсүнө гуштингири улуттук күрөшү аркылуу келдим. Азыр өлкө жаштарынын көпчүлүгү ушул күрөш түрү менен алектенип жатканына кубанычтамын. Айрыкча конуштарда байыркы эрежелер жакшы сакталган. Ал жерде жарыштар топурак, кум үстүндө өтөт.

Гуштингири казактын бел боо күрөшүнө окшош, болгону тажик күрөшүндөгү ыкмалар менен эрежелеринде бир нече өзгөрүүлөр бар. Кыл чайнашкан күрөштө буттан чалуу, бекем кысуу, көтөрүү жана бел боодон кармап чабуу элементтери бар. Башка күрөш түрүндө кездешпеген кармоо ыкмасы колдонулат. Каршылашынын далысын жерге тийгизген таза жеңишке жетет.

АБДУРАШИД КИШВАРЗОДА, «ГУШТИНГИРИ» УЛУТТУК КҮРӨШ ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- «Гуштингири» федерациясы эл аралык мааниге ээ болуу үчүн башка өлкөлөрдө федерацияларды ачуу керек. Айрыкча нооруз майрамы белгиленген Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Ооганстан, Түркмөнстан, Индия жана Иран аймагында. Азыр кыргыздын «күрөш» улуттук күрөш федерациясы жана казак улуттук күрөш федерациясы менен ушуга байланыштуу сүйлөшүүлөрдү  жүргүзүп жатабыз.

Тажикстан – санжыралуу тарыхын, төл маданияты менен улуттук салтын урматтаган, байыркы заман агымына ылайык жаңыртып, кенен даңазалай билген өлкөлөрдүн бири.