Тажикстан бал экспортун өрчүтүүдө

Тажикстан бал экспортун жогорулатууда. Бүгүнкү күндө жергиликтүү өнүм чет өлкөдө жогорку суроо-талапка ээ жана Орусия, Казакстан, Ооганстан, Араб Эмираттарына экспорттолот. Бал сезону башталганына бир аз гана убакыт болду. Бирок бал челекчилер 4 тоннага жакын өнүм чогултууга жетишти. Алардын айтымында, табигый тажикстандык бал ар кандай ооруларды дарылоого жана адамдын ден соолугуна пайдалуу.

ГУЛАНДОМ МЕЛИКБАЕВА, БАЛ ЧЕЛЕКЧИ, ТАЖИКСТАН:

- Бизде пахта, ар түрдүү түстөгү балдар бар. Жолдошум бардыгын өзү даярдайт. Прополистүү бал суук тийгенде, чаңдуу бал болсо жүрөккө, аз кандуулука пайдалуу. Ошондой эле, иммунитетти жогорулатуу үчүн энелик сүт да бар.

Балдын даамы бал челектин жайгашуусуна байланыштуу. Өстүрүүчүлөр бал челектерди тоолорго, пахта талааларына, бакчаларга коюшат. Өлкөдө жалпы аарынын беш түрү өстүрүлөт. Алар тажик, италья, орто орус, кавказ жана эң белгилүү түрү – карпат.

ОЛИМ САИДАМИНОВ, ИШКАНАНЫН ААРЫ ЧАРБАЧЫЛЫГЫ БОЮНЧА БАШКЫ АДИСИ /ТАЖИКСТАН/:

- Тумшугу бир миллиметрге узун аарыларды бедеге пайдаланууга болот. Алар тоолуу аймактарда нектарды жакшы топтошот. Ушундай шарттарда эң пайдалуу бал берет.

МУЗАФФАРХОН ХАЛИМОВ, ААРЫ ЧАРБАЧЫЛЫГЫ БОЮНЧА ИШКАНАНЫН БАШЧЫСЫ /ТАЖИКСТАН/:

- Тажикстанда аары өстүрүү чарбачылыгын өрчүтүүнүн 3 программасы кабыл алынган. Алар аарылардын үй-бүлөсүн көбөйтүүгө жана бал өндүрүүгө багытталган.

Акыркы жылы Тажикстанда аары уясынын саны сегиз миңге өскөн. Эгер 2010-жылы өлкөдө үч миң тоннага жакын бал өндүрүлсө, 2019-жылы өндүрүш болжол менен жарым эсеге өскөн.

Фото: kaztag.kz