Казакстан Өзбекстандан студенттерди тартууда

Казакстан Өзбекстандан студенттерди тартууда

Өзбекстандын жаштары Казакстанда аралыктан билим ала алышат. Бул Казакстандын билим берүү системасы жана кабыл алуу комиссиясы жөнүндө типтүү жобого киргизилген өзгөртүүлөрдүн натыйжасы. Системанын өзгөчөлүгү - окуучунун жана окутуучунун ортосундагы байланыш интернет аркылуу болот, башкача айтканда онлайн режиминде жүргүзүлөт. Комплекстүү иштер да виртуалдык лаборатория аркылуу өтүп, окуучуларга эркиндик берилет. Азыр Казакстанда билим алууну каалаган коңшу өлкөлөрдүн жаштарынын арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалпысынан Өзбекстандын беш шаарында казак ЖОЖдорунун окуу борборлору ачылган. Теке айынын башынан тартып өзбек жаштары жер-жерлерге документтерди тапшыра алышат. Өткөн жылы Өзбекстандан казакстандык ЖОЖдорго 12 миң студент кабыл алынган.

МУАТТАР ЭШБАДАЛОВА, ТАШКЕНТ  ШААРЫНЫН ТУРГУНУ:

- Онлайн сабак алуу мага ыңгайлуу. Анткени иштеп жүрүп, окуума да жетишүүгө мүмкүн. Ошондуктан Казакстандык окуу жайды тандадым.

ЕҢЛИКХАН КОЗЫБАЕВ, МУХТАР АУЭЗОВ АТЫНДАГЫ ТҮШТҮК – КАЗАКСТАН МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН АРАЛЫКТАН БИЛИМ БЕРҮҮ ИНСТИТУТУНУН МҮДҮРҮ:

- Белгилүү бир убакытка байланбайсың. Студент эркин, каалаган жерде билим берүү порталына барып, сайт аркылуу ага керектүү окуу-методикалык материалдарды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Ошону менен белгиленген убакытта биздин портал аркылуу сессиясын тест менен тапшыра алат.

Фото: kleo.ru