Кытай менен Кыргызстандын кызматташтыгы

Кытай менен Кыргызстандын кызматташтыгы

Кытай Кыргызстандын башкы соода өнөктөшү жана негизги инвестору. Өткөн жылы өлкөлөрдүн товар жүгүртүү көлөмүнүн өсүшү байкалып, 5 миллиард 600 миллион долларга жетти. Тараптардын экономикалык, инвестициялык, маданий-социалдык чөйрөлөрдө кызматташуусу жөнгө салынды. Өнөктөштүктүн натыйжалуу жыйынтыгы катары курулушун Кытай Эл Республикасы каржылаган Ош шаарындагы оорукананы мисал келтирсе болот.

ШАЯТБЕК АБДУРАХМАНОВ, ОШ ШААРЫНЫН КЛИНИКАЛЫК ООРУКАНАСЫНЫН МҮДҮРҮ / КЫРГЫЗСТАН:

- Объекттин долбоордук наркы 25 миллион 800 миң АКШ долларын түздү. Имараттын жалпы аянты 23,5 миң чарчы метр. Оорукана үч корпустан турат. Алар өз ара коридорлор менен бириктирилген.

Жаңы оорукана заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылган жана ал 150 бейтапка эсептелген. Оорукана жамааты Кытай менен кызматташуунун уланышына кызыктар. Дарыгерлер аталган өлкөдө билимин тереңдетүүнү көздөшүүдө.

АЗИЗБЕК ЮНУСОВ , ОШ ШААРЫНЫН КЛИНИКАЛЫК ООРУКАНАСЫНЫН МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ /КЫРГЫЗСТАН/:

- Калктын жарымынан көбү түштүк аймактарда жашайт. Ошондуктан бардык эле бейтап сапаттуу дарылануу үчүн Бишкекке бара албайт. Биз дасыккан медициналык жардам менен Фергана аймагын толугу менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүгүбүз бар.

Фото: sputnik.kg