Евробиримдик суунун сапатын башкаруу боюнча тажрыйбасын Борбордук Азия менен бөлүштү

Евробиримдик суунун сапатын башкаруу боюнча тажрыйбасын Борбордук Азия менен бөлүштү

Суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана аймакты туруктуу өнүктүрүү. Суунун сапатын башкаруу боюнча тажрыйбасы менен Евробиримдик адистери Борбордук Азиядагы кесиптештери менен бөлүштү. Семинарга 200дөн ашык адис катышты. Окутуунун башкы максаты – аймактагы адистерди суунун сапатын жакшыртуу жана аны максатка ылайыктуу, туура пайдалануу боюнча алдыңкы технологиялар менен тааныштыруу болду. Бул баалуу ресурсту гана сактап калбастан, суулардын булганышын алдын алууга да, натыйжада жалпы региондун өнүгүүсүнө түрткү берүүгө да мүмкүндүк берерин Евробиримдик адистери белгилешет.

ЙОХАННЕС СТЕНБЕК МАДСЕН, ЕВРОПА БИРИМДИК ӨКҮЛЧҮЛҮГҮНҮН КАЗАКСТАНДАГЫ КЫЗМАТТАШТЫК БӨЛҮМҮНҮН БАШЧЫСЫ:

- Бул тренинг Борбор Азиядагы экологиялык процесстерди жөнгө салууда пайда алып келет деп ойлойм. Аймак менен мындан ары да кызматташуу боюнча биздин пландарыбыз бар. Биз бул чөйрөгө инвестиция керектигин көрүп жатабыз жана бул суунун сапатын башкарууга гана эмес, катуу калдыктарды тазалоого да, ошондой эле абанын абалын жакшыртууга да тиешелүү.

 ГАУХАР БЕЙСЕЕВА, ЭЛ АРАЛЫК ЖАШЫЛ ТЕХНОЛОГИЯЛАР ЖАНА ИНВЕСТИЦИЯЛЫК ДОЛБООРЛОР БОРБОРУНУН ЖЕТЕКЧИСИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- Биздин максат эң мыкты технологияларды колдонуу менен көрсөткүчтөрдү жакшыртуу болуп саналат. Ошондуктан биз ушундай тренингдерди өткөрүп, адистерди окутуп, Евробиримдик менен тажрыйбаларды алмашып жатабыз. Бардык зарыл болгон нерселерге жетүү үчүн биз жергиликтүү администрациялар, калк менен тыгыз иштешибиз керек. Бул семинар дал ушундай платформаны түзүп берет.