Кудаяр хандын чеби зыяратчылар үчүн ыйык жайга айлануусу мүмкүн

Кудаяр хандын чеби зыяратчылар үчүн ыйык жайга айлануусу мүмкүн

Пайдубалы 18-19-кылымдарда түптөлгөн Кудаяр хандын чеби зыярат кылуучу туристтердин ыйык жайына айлануусу мүмкүн. Узундугу 200-300 метрди түзгөн тарыхый объект Баткен аймагында жайгашкан. Ал кыргыздын ханы Кудаяр бийлик жүргүзгөн кезинде, коргоо чеби катары тургузулган. Бийик коргондун жогорку чекитинен айлана алаканга салгандай көрүнөт. Чеп суу, таш жана топурак сыяктуу табигый материалдардан салынган. Бүгүнкү күндө тарыхый курулуштун көп бөлүгү талкаланган.

АЗАМАТ ОРМОНОВ, КАН АЙЫЛЫНЫН ЖАШООЧУСУ:

- Көптөгөн маалыматтарда көрсөтүлгөн дубалдардын бийиктиги бир метрден бир аз гана ашат деген маалыматтар чындыкка жакын эмес. Бүгүнкү күндө алардын бийиктиги төрт метрден ашык. Башында алар алда канча бийик болгон.

Жамгыр менен кардын нымдуулугунан чептин көп бөлүгү бузулган. Жергиликтүү жашоочулар жаңыртылган дубалдарды аба ырайынын табышмактуу  күчүнөн сактай турган коргоо система ойлоп табуу керек дегенди баса белгилешет.

ИСАМИДИН ОСОРОВ, КАН АЙЫЛЫНЫН ЖАШООЧУСУ:

- Жылдан – жылга чеп абдан бузулуп бара жатат. Бою чөгүп, дубалдары жукарып кетти. Эгерде жаңыртуу ишин өз убагында колго алсак, тарыхый эстеликти сактап калабыз. Туристтердин саны да өсөт.                

1970-жылдары чептин аймагына өрүк бактары отургузулган. Тарыхый объектте жайкалган бакча менен бирге көздүн жоосун алган табият, бийик тоолордун кооз көрүнүштөрүнө көз чаптырууга болот.

Фото: gde.kg