Кыргызстанда жибек өндүрүү жанданат

Кыргызстанда жибек өндүрүү жанданды. Быйылкы жылы өлкөнүн Кадамжай районунан 2 тонна чийки зат жыйналып алынды. Белгилей кетсек, республика Өзбекстандан чийки затты сатып алуу боюнча келишим түзгөн. Келечекте бул жерде чийки затты жандандыруучу жана кайра иштетүүчү ишкана курулат. Данияр Юсупов бир айда 100 кг жибек кокосун жасап чыгарды. Кийинки жылы ал жибек курттарынын жардамы менен көрсөткүчтүн көлөмүн кеңейтүүнү пландоодо. Кадамжайлык айыл чарбачылыгынын келечеги – ушул багыттын аркасында болоруна ишенет.

ДАНИЯР ЮСУПОВ, КАДАМЖАЙ РАЙОНУНУН ТУРГУНУ / КЫРГЫЗСТАН:

- Бир ай өстүрдүк. Андан кийин 100 кг коконду алып өткөрөбүз. 20 кг жибек куртунан ушул чийки заттын көлөмү алынды. Андан соң Өзбекстанга сатабыз.

Жибек курттары Өзбекстандан эки тараптуу кызматташуу меморандумунун  алкагында алып келинген. Келишимге ылайык, өндүрүлгөн чийки затты өзбек тарап сатып алат. Кыргызстандын жаратылыш климаттык шарты жогорку сапаттагы таза жибекти иштеп чыгарууга ылайык келет. 

АЙДАР АСАМИДИНОВ, КАДАМЖАЙ РАЙОНУН АЙЫЛ ЧАРБА БӨЛҮМҮНҮН ЖЕТЕКЧИСИ:

 - Курттар чын куран айында пайда болду, каалоочуларга 35 түрү таратылды. Жыйынтыгы бар. Эми түшүм жыйнайбыз. Бул жылы 200 кг жибек кокондорду өндүрөбүз деп үмүттөнөм.

АБДИЛАТИВ БОТОБАЕВ, ФЕРГАНА ОБЛУСУНУН «АГРОПИЛЛА» БИРИМДИГИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- Чийки заттын сапаты өтө жогору. Сиздердин аба таза жана сапаттуу чийки зат өндүрүүгө мүмкүн. Биз муну өз көзүбүз менен көрдүк.

Бир жибек курту кыска жашоосунда бир нече миң метр баалуу жибек жибин берет. Ошондуктан брак дээрлик жокко эсе. Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы Кадамжай районунда ушул унутулуп калган өндүрүштү жигердүү өнүктүрүү колго алынууда.

Фото: myuttarpradesh.net