Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча жаңы стратегиясы

Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча жаңы стратегиясы

Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча жаңыртылган стратегиясы бардык өлкөлөрдүн кызматташтыгын жаңы деңгээлге көтөрүүгө багытталган. Документ 2007-жылы кабыл алынган стратегиянын ордун басат. Жаңыртылган стратегиянын негизги багыттарынын бири аймактын туруктуу өнүгүшүнө тиешелүү. Ага саясий алаканы жогорулатуу, коопсуздук маселелери, климаттын өзгөрүшү, билим жана жаштар саясаты кирет. Евробиримдиктин Казакстандагы элчиси Свен-Олов Карлссондун айтымында, көп жактуу карым-катнаштын алкагын кеңейтүүгө оптималдаштырылган документ тараптарга көптөгөн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатат. 

СВЕН-ОЛОВ КАРЛССОН, ЕВРОБИРИМДИКТИН КАЗАКСТАНДАГЫ ЭЛЧИСИ:

- Евробиримдик менен Казакстандын ортосунда түзүлгөн эки жактуу кызматташтык келишими Борбор Азиянын  башка өлкөлөрүнө үлгү болду. Мисалы, азыркы тапта Кыргызстан менен Өзбекстан Евробиримдик менен тиешелүү документке кол коюуга сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Казакстан менен түзүлгөн эки тараптуу кызматташтык менен жаңырган стратегия айкалышып, бири-бирин толуктады. Биз жалпы Борбор Азия өлкөлөрү менен өз ара өнөктөштүк, интеграциялык жараяндын өнүгүшүн каалайбыз.

Фото: uzdaily.com