Ысык-Көл быйыл туристтердин рекорддук санын күтөт

Ысык-Көл быйыл туристтердин рекорддук санын күтөт

Быйыл Ысык-Көлгө 7 миллиондон ашуун туристтин келиши күтүлүүдө. Деңиз климаты жана тоонун абасы жыл сайын Европа менен КМШнын саякатчыларынын санын арттырып жатат. Айрыкча коноктор Кыргызстандын маданиятына кызыгышууда.

- Кыргыздар  ар дайым чыгармачылыкка жакын болуп келген. Бизде ата-бабаларыбыздан калган азем-белектерибиз абдан көп. Бул туристтерге абдан жагат, эгер мурда алар келип, даяр өнүмдү сатып алышса, акыркы учурда алардын көпчүлүгү өз алдынча буюмдарды тигүүнү үйрөнүү үчүн келишет.  

Туриндустриянын өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча, бүткүл өлкөнүн 100дөн ашуун компанияcы келген конокторго облустун кооз жерлерин, тамак-аштары тууралуу айтып берип, коңшу өлкөдөгү кесиптештери менен тажрыйбаларынан бөлүшөт. Марина Казакстандан. Ал бул жерге жаңы бизнес-өнөктөштөрдү издеп келген.

МАРИНА ГУЛЯЕВА, КАЗАКСТАН ТУРФИРМАСЫНЫН ӨКҮЛҮ:

- Чымкенттиктер бул жакrа келгенди жакшы көрүшөт. Биздин үй-бүлө абдан чоң, биз 4-5 балабыз менен келебиз. Анан албетте жарымы арзанына качат, экинчи жарымы болсо ыңгайлуулукту каалайт.

Өткөн жылы Кыргызстанга жалпы 7 миллионго жакын чет өлкөлүк турист келип кеткен. Бул рекорддук көрсөткүч. Бийлик мындай жетишкендикти Ысык-Көлдө өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары менен байланыштырууда. Бул этно-олимпиада республиканы дүйнө жүзүнө тааныта алды.

МАРИНА КОЛЕСНИКОВА, ТУРФИРМАНЫ БРОНДДОО БӨЛҮМҮНҮН БАШЧЫСЫ:

- Биз бул жылы туристтик сезондун алдында көптөгөн көргөзмөлөргө катышып, таанылып жатканыбызды түшүндүк. Мунун бардыгы Көчмөндөр оюндарынын аркасы менен болуп жаткандыгын эске алышыбыз керек. Себеби, бизге келген бардык компаниялар: Кыргызстан керемет жер, биз көчмөндөр оюндарында болдук, биз чындыгында өлкөнүн жаңы жактарын көрө алдык, дешет. Менин оюмча бул абдан ийгиликтүү долбоор болду.

Өткөн жылы туризм тармагынан өлкө бюджетине 450 миллион доллар келип түшкөн. Эгер мурда коноктор Казакстандан, Орусиядан келген болсо, азыркы учурда туристтер алыскы чет мамлекеттерден да келип жатат. 

НУРИ ШИМШЕКЛЕР, ТҮРКИЯДАН КЕЛГЕН ТУРИСТ:

- Көлүңөрдүн мүмкүнчүлүгү абдан чоң. Сиздер аны дагы өнүктүрсөңүздөр болот. Аны өнүктүрүү үчүн инвестиция керек. Менин оюмча, бир нече 10 жылдыктан кийин бул укмуштуудай курорттук аймакка айланат.

Өлкөдө туристтердин коопсуздугу жана жайбаракат эс алуусу үчүн паспорт-карталары бериле баштады. Кьюар-кодду сканерлегенде чет элдик турист ыкчам түрдө тез-кызматтар менен байланыша алат. Мындан сырткары республиканын эң кооз жерлериндеги мейманкана, ресторандардагы  жеңилдиктери тууралуу мааламыт ала алышат.

Фото: aquarida-tour.kz