Арал деңизин калыбына келтирүү

Арал деңизин калыбына келтирүүгө Борбор Азия өлкөлөрү биргеликте аракет кылып жатат. Ушул багытта Казакстан Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүгүү программасынын алкагындагы ишин улантууда. Белгилеп айтканда, деңиздин суусу тартылган жерине көчөт эгүү жумуштары колго алынды. Азыркы убакытта 300 миң гектарга көчөт эгилди. Аны менен катар, экологдор Арал деңизиндеги суу деңгээлин жогорулатуу жолдорун караштырууда. Бул багытта азыркы сугаруу каналдарын калыбына келтирүү сунушталып жатат. Серепчилердин айтымында, сууну үнөмдөө үчүн дамбалар менен суу сактагычтарды салуу керек.

СУҢКАР ЖОЛДЫБАЕВ, «КАЗЭКОЛОГИЯ» ЖЧС СЫНОО ЛАБОРАТАОРИЯСЫНЫН МҮДҮРҮ:

- Бүгүнкү күндө он жылдан ашуун убакыт бою суунун жээктерден ашып, мурункудан алгылыктуу өскөнүн байкап жатабыз. Азыр ал өз каналына жетти, керек болсо баштапкы деңгээлине келди десек болот. Орун алган өзгөрүштөр балык чарбачылыгына да, өлкө экономикасына да оң таасирин тийгизип жатат.

Ал эми коңшу мамлекет Өзбекстан Арал деңизи менен анын аймагындагы кырдаалды жакшыртуу максатында бүгүнкү күнгө чейин 230дан ашуун программа кабыл алды. Комплекстүү долбоорлордун жалпы каржы көлөмү 2 миллиард АКШ долларынан ашат. Анын 40 пайызы жергиликтүү бюджеттен, калганы кошумча донордук жардамдын эсебинен алынды. Анын негизинде деңизге жакын жайгашкан конуштарга инфраструктура тартылып, айылдагы медициналык мекемелерге керектүү шаймандарды сатып алган.

ВАДИМ СОКОЛОВ, ЭЛ АРАЛЫК АРАЛДЫ КУТКАРУУ ФОНДУНУН ӨЗБЕКСТАНДЫК АГЕНТТИГИНИН БАШЧЫСЫ:

- Суу сактагычтын негизги бөлүгү Аму дарыянын деңизге куйган жеринде жайгашкан. Дарыя ушул жерге келгенде экиге бөлүнөт. Эффективдүү болгондуктан суу сактагыч ушул жерге салынган. Аму дарыя менен агып келген сууну жыйнап, ал аркылуу башка көлдөргө жиберүүгө болот. Белгилеп айтканда, Мойнак сактагычы 15 жыл мурун фонддун колдоосу менен салынган.

Аралды куткаруу эл аралык фонду деңизди сактап калуунун бир жолу кургакчылык жайылган аймакты жашылдандыруу жана дренаждоо деп жатат. Ушуга кошо суу сапатын жакшыртуу жана сууну ысырап кылбоо тууралуу Түштүк Корея жана Жапония өлкөлөрүнүн жаңы технологияларын өздөштүрүү долбоору бар. Аны менен катар, аймакта Байыркы Аралдын тарыхынан кабар берген геопарк куруу мерчемделген.

Фото: mytashkent.uz