Тажикстанда Нооруз кандай майрамдалат?

Түрк дүйнөсү менен фарс тилдүү өлкөлөрдүн чимириле бийленген бийлери, кооз ырлары жана жан эргиткен күүлөрү. Борбор Азия өлкөлөрүндө Нооруз майрамы эл аралык деңгээлде кенен белгиленет. Анын бир далили – быйылкы жаркыраган жазда Тажикстан Республикасында өткөн Улустун улуу күнүн улуктоого арналган өзгөчө концерт. Сахнада көпчүлүктүн көздүн жоосун алган мамлекеттин алтын үндүү ырчылары.