Казакстан-Өзбекстан кызматташтыгы

Казакстан-Өзбекстан кызматташтыгы

Казакстан менен Өзбекстандын кызматташтыгы бекемдейт. Өткөн жылы эки жактуу товар жүгүртүү 50 пайызга өсүп 3 миллиард долларды түзгөн. Эки тарап бул көрcөткүчтү 5 миллиард долларга жеткирүүнү көздөп жатат.  Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин Өзбекстанга болгон сапарынын алкагында республикалар экономикалык, коомдук жана маданиq тармактардагы кызматташтыкты тереңдете турган келишимдерге кол койду. Ошондой эле, мамлекеттер үчүн логистикалык өнөктөштүк да мааниге ээ . Өзбекстан Казакстан аркылуу эки ири рынокко чыга алат. Бири – Кытай, экинчиси – Орусия.

ВАЛЕРИЙ БИРЮКОВ САЯСАТ ТААНУУЧУ:

- Өзбекстан азыр Өзбекстан-Түркмөнстан-Иран-Катар коридорун ачуу натыйжасында Перс булуңунун портторуна чыгууну ойлонуштуруп жүрөт. Бул тема Казакстан  үчүн да абдан маанилүү. Демек, ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу багытында эки өлкөнүн максат-кызыкчылыктары бир. Интеграцияга жол ачуу көп пайда алып келет.

Фото: zakon.kz