Тажикстандын улуттук китепканасы

Тажикстанда Борбор Азия аймагындагы көлөмү боюнча эң чоң китепкана жайгашкан. Улуттук руханий фонд кырк беш миң чарчы метр аймакты ээлеп жатат. Имараттын тышкы көрүнүшү ачылган китепти чагылдырат. Ал эми айланасын  Тажикстандын акылман ойчулдары менен улуу калемгерлеринин айкелдери курчап турат турат. Ал жерде он миллион даанага жакын 28 китеп кампасы бар. Бүгүнкү күндө фонддо 6 миллион китеп сакталып турат. Анын 100 миңи электрондук үлгүгө өткөрүлгөн. Ошондой эле, жарым миллионго жакын илимий диссертация санариптик системага көчүрүлгөн. Таанып-билүүчүлүк мекеме 1500 адамга арналган 25 окуу залы менен камсыздалган. 36 бөлүмдүн бири начар көргөн азиз жандарга ыңгайлуу кылып жарыктандырылган. Чет өлкө бөлүмүндө дүйнөлүк цивилизациядан кабар берген дүйнөнүн 42 тилинде жазылган 90 миң китеп фонду жыйналган. Тарых казынасын көпчүлүккө көрсөткөн чыгыш кол жазмалары жана сейрек кездешкен байыркы китептер менен да ушул жерден таанышууга болот.

САЙОРА КАРИМОВА, ТАЖИКСТАНДЫН УЛУТТУК КИТЕПКАНАСЫНЫН БАШКЫ АДИСИ:

- Эң байыркы китеп адамзаттын пайда болуусу тууралуу жазылган «Табари тарыхы» деп аталат. Мухаммед пайгамбардын өмүрүнөн кабар берген Сиари Шарифтин эмгеги көлөмү менен салмагы боюнча эң чоң китеп катары саналат. Анын салмагы 7,5 килограммды түзөт. Бизде алтын тамгалар менен басылган 700 жылдык тарыхы бар куран менен таанышууга болот. Литографиялык ыкмасы менен жазылган кичинекей куранды алаканга салып күнтарткы аркылуу гана окуй аласыз. Анын салмагы 1,6 грамм. Ошондой эле, бөлүмдө Гиссар чебинде табылган жаныбарлардын терисине жазылган 12-кылымдын сатып-алуу келишими сакталып турат.

Фото: news.tj