Тажикстан: Гиссар сепили

Тажикстандын көздүн жоосун алган табияты менен бирге өлкөнүн касиеттүү жайлары, жергиликтүү элдин өткөнү чет өлкөлүк туристтердин назарын буруп келет. Сырттан келген саякатчылардын көпчүлүгү Гиссар тарыхый-маданий коругуна баш бакмайын кетишпейт. Он жети гектар аймакты ээлеген комплекс Улуу Жибек жолунун боюндагы байыркы кербен шаарынын негизинде курулган. Курулушуна беш жүз жыл болгон сепилдин дарбазасы он алты бузулган чептин жайында курулган. Өткөн кылымдын жыйырманчы жылдарына чейин Чыгыш Бухара Эмирлигинин борбору болгон Гиссар шаарынын тарыхы байыркы замандан башат алат.

АКМАЛ ХАМИДОВ, «ГИССАР ТАРЫХЫЙ-МАДАНИЙ КОРУГУНУН» БӨЛҮМ БАШЧЫСЫ / ТАЖИКСТАН:

- 1946-жылы археолог Алексей Павлович Окладников ушул жерден таш дооруна тиешелүү экспонаттарды тапкан. Ал байыркы калдыктар болжол менен сегиз миң жылдык тарыхы бар маданиятка жатат. Ошондой эле, коло доорундагы мүрзө аныкталды. Жерге берүү жөрөлгөсүнүн жасалганына 4200 жыл болгон. Мунун баары Гиссардын тарыхы бай жана байыркы шаар экенинен кабар берет.

Бул касиеттүү жерди б.з.ч IV кылымда гректер басып алгандыгын далилдеген экспонаттар да көп санда табылган. Анын бири – жакында курулушу жаңыртылган амфитеатр. Ал эми VI кылымда чеп Фарс Империясынын карамагында болгон. 8 кылымдай бийлик толук ислам өлкөлөрүнүн эмирлеринин колуна өткөн. Анын  калдыктары байыркы медресе, күмбөздөр жана мечит сыяктуу диний объекттер бүгүнкү күндө кайра калыбына келтирилип жатат. Борбор Азия  элинин миң жылдык өмүрүн баштан кечирген чеп дүйнө кыдырып жүргөн туристтердин жогорку кызыгуусун жаратууда. Былтыр гана сепил менен тогуз миңге жакын чет өлкөлүк саякатчы таанышууга жетишкен.

НОТИХ ТОРАБИ, ТУРИСТ / ФРАНЦИЯ:

- Мен Дүйшөмбүгө биринчи жолу келип жатам. Өлкөнүн тарыхына мурунтан кызыгып келем. Убакыты келип Тажикстан аймагына турист катары кадам таштадым. Гиссар сепилин толук кыдырууга жетишкен жокмун. Бирок бул жердин Иран, Тажик, Ооган жана Өзбек сыяктуу Азия элдеринин орток маданиятынын чордону экенин жакшы билем.

Жалпысынан чеп деңиз деңгээлинен 850 метр бийиктикте жайгашкан. Азыркы тапта комплекстин эң бийик чокусунда шаардын эң акыркы эмиринин  сарайы калыбына келтирилип жатат. Жаңыртууну талап кылган тарыхый объекттер арбын, дешет адистер. Бүгүнкү күндө Гиссар аянтындагы кооз объекттердин жыйырма пайызы гана изилденген. Ошондуктан туристтерди дагы жаңы жаңылыктар күтүп жатат.

Фото: journey2dakar.com