Климаттын өзгөрүшү Борбор Азияга да зыянын тийгизүүдө

Климаттын өзгөрүшү Борбор Азияга да зыянын тийгизүүдө

Ташкентте  Борбор Азия аймагындагы климаттын өзгөрүшү тууралуу эл аралык конференция өттү. Ушуну менен экинчи жолу уюштурулуп жаткан жыйынга боордош беш мамлекет менен бирге башка өлкөлөрдүн серепчилери катышып, дүйнөлүк жана аймактык маселелерди биргеликте чечүү жолдорун талкуулашты. Табигый тең салмактуулукту сактоо үчүн кайра жанма энергия булактарын өндүрүү жана ресурстарды эффективдүү пайдалануу өзөктүү маселе болуп кала берет. Ал эми, дүйнөлүк жылуулануу азыркы тапта экономиканын бардык тармагана терс таасирин тийгизип жатканы анык. Ошондуктан Борбор Азия өлкөлөрү күч бириктирүү аркылуу гана аймактагы экономикалык туруктуулук менен азык-түлүк коопсуздугун сактап калууга болот - дешет адистер.

ИСКАНДАР АБДУЛЛАЕВ, БОРБОР АЗИЯ АЙМАКТЫК ЭКОЛОГИЯЛЫК БОРБРУНУН АТКАРУУЧУ МҮДҮРҮ:

-Бардык өлкөлөрдү экономикалык жана коомдук жагынан алып карганда албетте өз артыкчылыктары бар. Эгер биз ошол ийгиликтерди бириктире турган болсок, ал жерде табигый өзгөрүшкө тез ыңгайлашууга болот. Суу таңгыстыгы менен айыл чарбасы, энергетикалык маселелерди да чече алабыз. Албетте жекече ийгиликке да жетүүгө болот. Ага узак убакыт кетет жана көп чыгаша жумшалат. Ошондуктан ушул конференция климаттык өзгөрүштөргө каршы биригүү аянты боло алат деп ойлойбуз. Биз ага биргеликте бара алабыз.

Конференцияда 2015-жылы кабыл алынган климат боюнча Париж келишиминин аткарылышы менен аны ишке ашыруу маселеси да каралды. Бул багытта Казакстан климаттык өзгөрүүгө байланышты 2018-2020-жылдарга арналган Улуттук мерчемин бекиткен. Ага кошо өлкөнүн Энергетика министирлиги экологиялык кодекс даярдалып жатат. Документке климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу эрежеси киргизилет. Бул уулуу газдардын абага таралышына тосколдук кылган негизги мыйзам болот

БЕКБЕРГЕН КЕРЕЙ, КР ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРЛИГИНИН ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК ЖАНА ЭКОНОМИКАЛЫК ИНТЕГРАЦИЯ ЖАРАЯНДАР ДЕПАРТАМЕНТИНИН МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

-Энергетика министирлиги жаңы экологиялык кодекс даярдап жатат. Бул жердеги эң башкы маселе мыкты эреже болуп бекитилет. Буга жогоруда эске алынган климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу маселесинин эрежесин киргизип жатабыз.

Конференцияда транс чек аралык дарыя сууларын пайдалануу маселеси да каралды. Анткени боордош өлкөлөрдөгү 55 миллионго жакын эл дыйканчылык менен алектенет. Азыркы тапта эгин талаалардын 90 пайызы жасалма сугарылат. Катар келип жаткан кургакчылык менен климаттын өзгөрүшүнөн 2050-жылга карай агын сууга болгон суроо-талап 30 пайызга өсөт дешет окумуштуулар. Аптаптуу ысык тоодогу мөңгүлөрдүн тез ээрүүсүнө таасир берип жатат. Ошондуктан заманбап технологияны көбүрөөк киргизип, сууну болушунча үнөмдөөгө аракет кылышыбыз керек.

ЖАЛИЛ БУЗРУКОВ, БОРБОР АЗИЯНЫН ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮСҮ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТ АРАЛЫК КОМИССИЯНЫН ИЛИМИЙ-МААЛЫМАТТЫК БОРБОРУНУН ТАЖИКСТАНДЫК БӨЛҮМҮНҮН БАШЧЫСЫ:

-Бул жерде ары карай  эмне кылышыбыз керек деген суроо турат. Чакырыктардан так ишке өтүшүбүз керек. Борбор Азия аймагындагы климаттык өзгөрүштөрдү төмөндөтүү үчүн эмне кылуубуз зарыл? Анткени аймактын жарым бөлүгүн алып жаткан тоодогу мөңгүлөрдүн тез ээрүүсү. Көптөгөн көйгөйлүү маселелери бар эко системанын өзгөрүшү, тоолу ланшафтардын өзгөрүшү, суу ресурсунун азайуусу, сапаты бул дагы башка маселе. Бул абдан масштабдуу жана өзөктүү көйгөй. Ага бир жактуу эмес, бирдиктүү интергациялык система менен маани берген туура.

Деңиз түбүнөн көтөрүлгөн туздуу чаң бүткүл тарапка жайылып жатат. Бүгүнкү күндө Казакстан кичи Аралды толтуруп, балыгын көбөйтүүдө.  Өзбекстан тарабы да чоң аралды сактап калуу үчүн бардык аракетин жасап жатат. Эки мамлекет деңиз түбүндөгү миңдеген гектар талаага кум менен жыйналган туздун жапырт таралышына тоскол боло турган сөксөөл  менен башка да чөлгө туруктуу өсүмдүктөрдү эгип жатканы айтылды. 

Фото: akipress.com