Тажикстанда гидроэлектр станциясы жаңыртылды

Тажикстанда Борбор Азиянын суу энергия фондунун алтымыш пайызга жакыны топтолгон. Бүгүнкү күндө 11 гидроэлектр станциясы иштеп жатат. Эл керектеген кубат булагынын жарымынан ашууну Нурек объектисинен чыгат. 1972-жылы ишке кошулган стратегиялык объектин кубаттуулугу – 3 миң мегаватт. Бул жердеги 9 орнотмо жылына 11,2  миллиард киловатт/ саат энергия өндүрөт. Ал эми суу сактагычынын сыйымдуулугу 10,5 миллиард куб метрге ылайыкташкан. Белгилей кетүүчү дагы бир жагдай, Тажикстандагы Нурек гидростанциясынын платинасы кум менен таштан жасалган дүйнөдөгү эң ири көлмө катары саналат. Курулуштун жалпы бийиктиги үч жүз, эни жыйырма метрди түзөт. Деңиз деңгээлинен алып карай турган болсок, болжол менен бир чакырымга жакындайт. Алдыдагы он жылдын ичинде станцияны толук жаңыртуу мерчемделип жатат.

АНВАР КИРАМАДИНОВ, НУРЕК ГЭСИНИН БАШКЫ  ИНЖЕНЕРИНИН ОРУН БАСАРЫ / ТАЖИКСТАН:

- Нурек гидроэлектр станциясынын негизги, кошумча жана жардамчы орнотмолорунун ишке кошулганына 40 жылдан ашты. Быйылкы жылдан баштап станцияны толук жаңыртуу жумуштарын баштадык. Бардык мерчемди бүтүрүп, ар бир бөлүктү заманбап үлгүсүнө алмаштыргандан кийин кубаттуулук 12 пайызга өстү. Башкача айтканда, объектин жалпы кубаттуулугу 3300 мегаваттка чейин жетет.

Фото: asiaplus.tj