Өзбекстандагы «Атом энергиясын тынчтык максатта пайдалануу тууралуу» мыйзам долбоору

Өзбекстандагы «Атом энергиясын тынчтык максатта пайдалануу тууралуу» мыйзам долбоору

Өзбекстан депутаттары «Атом энергиясын тынчтык максатта пайдалануу тууралуу» мыйзам долбоорун жактырышты. Документте атом энергиясын тынчтык максатта өнүктүрүү менен пайдаланууда бирдиктүү мамлекеттик саясатты даярдоо каралган. Мыйзам долбооруна ылайык, 2022-жылы Өзбекстан 1200 мегаватт кубат өндүрө турган эки энергоблоктон турган атом электр станциясын салат. Атом станциясын ишке кошуу натыйжасында Өзбекстан атмосферага чыгарылган көмүр кычкыл газынын калдыктарын 14 миллион тоннага чейин азайтат. Аны менен катар ички рыноктогу электр энергиясына болгон суроо-талапты толук камсыз кылат.

ЖАМШИД ПИРМАТОВ, ДЕПУТАТ:

- Жалпы бул документ өлкө тарыхындагы атом энергетикасы тууралуу биринчи мыйзам болот. Өзбекстанда жалпы алганда табигый байлыктар кору жеткиликтүү. Ошентсе да энергияга болгон суроо-талап жыл санап өсүп жатат. Документ атом энергиясын тынчтык максатта пайдаланып, коопсуздук маселелерин сактоого негиз болот. Ага кошо курчаган чөйрөнү коргоп, ачыктыкты камсыз кылат.

Фото: spot.uz