Тажикстан-Орусия: Билим берүү тармактарындагы кызматташтыгы

Тажикстан-Орусия: Билим берүү тармактарындагы кызматташтыгы

Тажикстан менен Орусиянын гуманитардык, илимий жана билим берүү тармактарындагы кызматташтыгы жигердүү түрдө өнүктүрүлүүдө. Бүгүнкү күндө тараптар жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн өстүрүүгө багытталган көптөгөн долбоорлорду ишке ашырууда. Тажикстандын борборунда студенттердин арасында ишкердик жигердүүлүктү өнүктүрүү боюнча мастер-класс өттү. Долбоор Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин Дүйшөмбү шаарындагы бөлүмүнүн базасында «Бизнес-Евразия» эл аралык жаштар мектебинин алкагында ишке ашырылууда. Катышуучулар иш-чараны уюштуруучулардын арасында өзгөчө кызыгуу жараткан ишкердик долбоорлорго өз идеяларын сунуштады.

ДАРЬЯ ЧИЖОВА, М. В. ЛОМОНОСОВ АТЫНДАГЫ МОСКВА МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН МААЛЫМАТТЫК-ТАЛДАМАЛЫК БОРБОРУНУН МҮДҮРҮ:

- Тажикстанда жаштарга, студенттерге долбоорлоо боюнча негизги базалык билимди үйрөтүү милдети коюлган. Себеби, иш жүзүндө жаштар ишкердигин өнүктүрүү жараяны Тажикстанда да, Орусия Федерациясында да абдан мыкты. Ушуга байланыштуу, бул долбоор ушул максаттарга жооп берет. Анткени ишкердиктин масштабдуу долбоорун колго алуу үчүн базалык ык керек. Башкача айтканда, ал өзүнүн негизги идеяларын кагаз бетине түшүрүп, өз долбоорун түзүп, так инвесторлорго сунуштоого болорун үйрөтүп түшүндүрүү.

Белгилей кетсек, Тажикстанда 2030-жылга чейин орус жана англис тилдерин окутууну жакшыртуу үчүн жаңы программа даярдалып жатат. Бардык мыкты демилгелер эң биринчи тажик жаштарынын билим деңгээлин жогорулатууга багытталган.

ИРИНА ЩАСНОВИЧ, МҮДҮРДҮН ОКУУ ИШТЕРИ БОЮНЧА ОРУН БАСАРЫ:

- Бизде ачык лабораториялык акция бар. Бул лицей окуучулары дүйнөнүн өз кейпин, айланадагы чындык, курчаган дүйнө тууралуу биле тургандыгын текшере ала турган чоң иш. Алар өз билимин эки – англис жана орус тилдеринде текшерет. Алар биология, химия, физика, математика жана географияга байланыштуу суроолордун беш категориясына жооп берүүсү керек.

Билим берүү - Дүйшөмбү менен Москва ортосундагы кызматташтыктын маанилүү тармагы катары саналат. Федералдык бюджеттин эсебинен Орусия жакынкы арада Тажикстанда беш жалпы билим бере турган мектеп салууну мерчемдеп жатат. Аны менен бирге, бүгүнкү күнү тажик жаштары орусиялык жогорку окуу жайларында акысыз окуу мүмкүнчүлүгүн алышкан.

НИКИТА БЫХОВСКИЙ, ДҮЙШӨМБҮДӨГҮ «РОССОТРУДНЕЧЕСТВО» ӨКҮЛДҮГҮ БОЮНЧА ДОЛБООРДУН КООРДИНАТОРУ:

- Быйыл Тажикстан Республикасынын студенттерине Орусия Федерациясынын жогорку окуу жайларында акысыз окууга 630 орун бөлүндү. Азыр орусиялык жогорку окуу жайларында документтерди кабыл алуу жигердүү түрдө жүргүзүлүп жатат.

Фото: news.tj