Көк бөрүнүн эл аралык эрежеси бекитилди

Көк бөрүнүн эл аралык эрежеси бекитилди

Борбор Азия аймак элдерине орток көкпар оюну дүйнөлүк деңгээлде өнүктүрүлөт. Астанада жолугушкан бүткүл дүйнөлүк көкпар ассоциациясынын кеңеши көчмөндөр цивилизациясынын төл оюнунун эл аралык тартибин бекитишти. Аталган кеңешке мүчө он өлкөнүн улуттук спорт федерацияларынын өкүлдөрүнүн басымдуу бөлүгү жаңы эрежелерди колдоп, документке кол коюшту.

МАКСАТ ЧАКИЕВ, «АЛАМАН» ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ / КЫРГЫЗСТАН:

- Дүйнө жүзү боюнча этно спорттун 30 миңден ашуун түрү бар. Анын 2-3 миңге жакыны дүйнөлүк деңгээлде өнүктүрүлүп, дүйнө элине жайылтуунун мүмкүнчүлүгү жогору. Алардын катарында көк бөрүнү өзгөчө белгилеп өтүүгө болот. Мен «Аламан» федерациясынын атынан улуттук баалуулуктарды жаңыртуунун мезгили келди деп айткым келет. Биз төл оюндарыбызды Европа, Америка сыяктуу батыш өлкөлөрү ойногонун каалайбыз. Ага биргеликте гана жетүүгө болот.

Көпкө созулган узак талкуулардан кийин бир чечим кабыл алынды. Жаңы эреже боюнча тай казан алынып, анын ордуна тегерек коюлат. Бул оюнчу менен атынын коопсуздугу үчүн жасалат. Эл аралык жан-жаныбарлар дүйнөсүн коргоо уюмдарынын эрежелерине кайчы келбеши үчүн улактын ордуна муляж колдонулат. Анын салмагы да бир нече эсе жеңилдетилет. Оюндун жалпы убакытынын үчтөн бир бөлүгү кыскартылат. Эми олжону 20 мүнөттөн эки мезгилдин ичинде болушунча көп салып үлгүрүү керек. Мындан ары, көкпар тартуу боюнча өтө турган бардык эл аралык жарыштар ушул тартип менен ойнолот.

ЕРКЕН АБЗАЛОВ, «УЛАК КӨКПАР» ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТИ / ӨЗБЕКСТАН:

- Бул кабыл алынган чечимдер ушул спорт түрүнүн чөйрөсүн кеңейтүүгө багытталган. Жалпы баалуулуктарды жаңыртууга арналган демилге Борбор Азия элинин беримдигин бекемдешине ишенем. Өзбекстанда жалган куран айында көкпар боюнча эл аралык жарыш өтөт. Кеңешке мүчө өлкөлөр ага толук катыша алат деп ойлойм.

Ал эми чын куран айынын 15-22 аралыгында Казакстан көкпар боюнча Азия биринчилигинин катышуучуларын кабыл алат. Өлкөдөгү жаштар жылына карай өтүүчү мелдеште 20 жашка чейинки спортчулар өз багын сынайт деп көздөлүүдө.

Фото: sputniknews.kz