Борбор Азия өлкөлөрү – инвесторлор үчүн тартымдуу аймак

Борбор Азия өлкөлөрү – инвесторлор үчүн тартымдуу аймак

Казакстан менен Өзбекстан алдыдагы жылдары чийки заттык эмес тармакка 40-70 миллиард доллар инвестиция тартууга жөндөмдүү. Бул Бостон Консалтинг групптун серепчилеринин божомолу. Чет өлкөдөн каржы агымын кызыктыруучу жагдайлар катары алар бизнес-климатты жакшыртуу чараларын улантууну, өлкөлөрдүн экономикасын ар тараптуу кылууну белгилешти. Аталган эки мамлекет Борбор Азия аймагында чет өлкөдөн инвестиция тартуу боюнча көч башында турарын убакыт көрсөтүп жатат. Акыркы он жыл ичинде аймактагы беш республикага жалпы көлөмү 113 миллиард доллар инвестиция багытталган. Анын 70 пайызы Казакстанга, 16 пайызы  Өзбекстанга, 8 пайызы Түркмөнстанга, ал эми Кыргызстан менен Тажикстанга 6 пайызга жакыны тартылган. Бүгүнкү күндө Борбор Азияда интеграциялык жараяндар жигердүү түрдө алдыга жылып жатат.

ЖУМАБЕК САРАБЕКОВ, КР БИРИНЧИ ПРЕЗИДЕНТИНИН ФОНДУНУН АЛДЫНДАГЫ ДҮЙНӨЛҮК ЭКОНОМИКА ЖАНА САЯСАТ ИНСТИТУТУНУН СЕРЕПЧИСИ:

- Казакстанга жана жалпы Борбор Азия аймагына тиешелүү айта турган болсок, ар бир инвестор аймак ичиндеги кырдаалга маани берет. Башкача айтканда, алар Казакстанды рынок катары гана эмес, ири аймактын мүчөсү катары санайт. Бул жерде биз үчүн ЕАЭБ менен байланыштуу артыкчылктар бар. Ага кошо, акыркы учурда борбор азиялык мамлекеттер менен кызматташтыгыбыз тереңдеген. Бул да чет өлкөлүк инвесторлор үчүн кызыктыруучу фактор экени талашсыз.

Фото: liter.kz