Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү программасы даярдалды

Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү программасы даярдалды

Кыргызстанда 4 жылга арналган туризмди өнүктүрүү программасы бекитилди. Анын башкы максаты – туристтердин агымын аз дегенде 10 пайызга чейин көбөйтүү. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалыматы боюнча, аталган өлкөгө былтыр кышында 150 миңден ашуун адам  барган.

МАКСАТ ДАМИР УУЛУ, КРнын МАДАНИЯТ, МААЛЫМАТ ЖАНА ТУРИЗМ МИНИСТРЛИГИНИН АЛДЫНДАГЫ ТУРИЗМ ДЕПАРТАМЕНТИНИН МҮДҮРҮ:

- Бул албетте, Кыргызстандай мүмкүнчүлүгү жогору өлкө үчүн өтө аз көрсөткүч. Биз жакында туризмди өнүктүрүү боюнча жаңы программа кабыл алдык. Ал ушул жылдан баштап 5 жылга арналган. Ушундай шарттарда биз кышкы туризмдин мүмкүнчүлүктөрү жогору багыттардын бири экендигине көңүл бурдургубуз келет. Ал өлкөдөгү туризмди өнүктүрүүгө түрткү берет деген ишеничтебиз. Кыргызстанга келе турган туристтердин саны жогорулайт.

Азыркы тапта Кыргызстан «Борбор Азиянын Швейцариясы» деп байма-бай аталып келет. Анын аймагынын үчтөн эки бөлүгүн тоолор ээлейт. Лыжа тебүү менен жаштар гана алектенбейт. Үй-бүлөлөрү менен бирге бул жерге ар дайым келип тургандардын катары калың.

СТЭСИ ХЮ, ТУРИСТ / КАНАДА:

- Канадада, айрыкча, мен жашаган Торонтодо кышта кар көп болот жана күн суук. Бирок бизде бийик тоолор жок. Ошондуктан мага Кыргызстан абдан жагат. Адамдардын меймандостугун өзгөчө белгилеп кетким келет.

Өлкөгө Германиянын жашоочулары өтө көп келери байкалат. Экинчи орунда – Корея жана АКШ. 2012-жылы Кыргызстан 45 өлкө менен визасыз режим киргизген. Эми бул тизмеге дагы 10 мамлекетти киргизүү мерчемделүүдө.