Өзбекстанда министрлер депутаттардын макулдугу менен бекитилет

Өзбекстанда министрлер депутаттардын макулдугу менен бекитилет

Өзбекстанда чын куран айынын биринен баштап өкмөттүн мүчөлөрүн бекитүүнүн жаңы эрежеси ишке кирет. Өлкө президенти Шавкат Мирзиёевдин жарлыгына ылайык, мындан ары алардын дайындалышы парламенттин төмөнкү палатасынын макулдугу менен ишке ашат. Бул жараян өкмөт башчынын, министрлердин орун басарлары жана мамлекеттик комитеттердин төрага кызматына да тиешелүү. Алар иш-аракеттеринин планын сунушташы зарыл. Ошого карап татыктуусу тандалат. Эскерте кетсек, буга чейин өкмөт мүчөлөрү, министрликтердин, мекемелердин, ири мамлекеттик компаниялардын жана банк башчылары президенттин жарлыгы жана токтому, ошондой эле өкмөттүн токтому аркылуу дайындалып келген.

РАСУЛ КУШЕРБАЕВ, ӨЗБЕКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ОЛИЙ МАЖЛИСИНИН ДЕПУТАТЫ:

- Ар бир жетекчи өз иш планын жүзөгө ашырууга аракет кылат. Бирок ошол программалары көпчүлүктүн көз карашы менен канчалык деңгээлде туура келет, коомчулуктун жүрөгүндө жаткан суроолорду канчалык деңгээлде камтый алат деген суроолор бар. Эми ушундай шарттарда, аларды дайындоо кезинде депуттатар жана коомчулук көтөргөн, күн тартибиндеги өзөктүү маселелерди да камтууга аракет кылышат. Демек, пайда болгон суроолор өз убагында чечимин табат.

Бүгүнкү күндө Өзбекстан акырындык менен мамлекеттик системаны жакшыртып жатат. Реформалар соттук-укуктук системага, коомдук чөйрөгө, коопсуздук, улут аралык келишим жана диний толеранттуулук тармактарына тиешелүү. Өзбекстан Президенти экономиканы өнүктүрүү жана жигердүү инвестицияларды тартууга өзгөчө басым берип жатат. Мындан сырткары ал 2019-жылды “Жигердүү инвестициялар жана коомдук өнүгүү жылы” деп атоону сунуш кылды. Өлкө башчысынын айтымында, улуттук экономикада туруктуулук жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүккө жигердүү инвестициялык саясатты жүргүзгөн өлкө гана жете алат.