Борбор Азия-Кытай кызматташтыгы

Борбор Азия-Кытай кызматташтыгы

Ушул жылы Борбор Азия өлкөлөрү аймактагы кызматташтыкты жана өнөктөштүктү жакшыртууну улантышат. Бул тууралуу “2019-жылдагы Борбор Азия мамлекеттеринин өнүгүшү” аттуу илимий макалада баяндалат. Аталган жыйнакты Кытай коомдук илимдер академиясынын алдындагы Батыш Европа, Орусия жана Борбор Азиянын Изилдөө институтунун окумуштуулары сунушташты. Китептин бет ачары Пекинде өттү. Авторлордун айтымында, бул жыйнактын ишке ашуусуна Жибек жолу долбоорунун маанилүү катышуучусу саналган “Бир кур – бир жол” демилгесинин ишке ашуусу да себепкер болгон. Мындан сырткары, авторлор талдама жүргүзүп, Борбор Азия өлкөлөрү азыркы тапта жалпы көйгөйлөрдү жана тапшырмаларды ич ара кызматташуу, ишенүү, баарлашуу жана өнөктөштүктүн негизинде чечип келе жатканын кошумчалашты.

СУНЬ ЧЖУАНЧЖИ, КЫТАЙ КООМДУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНЫН АЛДЫНДАГЫ БАТЫШ ЕВРОПА, ОРУСИЯ ЖАНА БОРБОР АЗИЯНЫН ИЗИЛДӨӨ ИНСТИТУТУНУН МҮДҮРҮ:

- Бүгүнкү күндө Кытай жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн карым-катнашы туруктуу өнүгүп келе жатат. 2019-жыл бул мамиле үчүн абдан маанилүү болот. Жогорку деңгээлде бир нече сапарлар мерчемделген. Мисалы, чын куран айында Пекинде өтө турган  “Бир кур – бир жол” саммитине Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин келүүсү күтүлүүдө. Ошондуктан бул жылды Кытай жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн өнөктөштүгүн өрчүтө турган жыл деп атоого болот.