Ташкентте ШКУнун элдик дипломатия борбору ачылды

Ташкентте ШКУнун элдик дипломатия борбору ачылды

Ташкентте Шанхай кызматташтык уюмунун элдик дипломатия борбору ачылды. Эскерте кетсек, өлкө Президенти 2017-жылы Астанада өткөн ШКУнун Саммитинде биринчи жолу ушундай сунуш көтөргөн. Буга чейин коопсуздук жана экономикага көбүрөөк маани берип келген абройлуу уюм эми коомдук маселени да камтыйт. Борбордо билим менен маданият, спорт менен илим өз ара айкалышат. Кыз-келиндер менен жаштардын маселеси жана шаарлар деңгээлдеги байланыштар камтылат.

САДЫК САФОЕВ, ӨЗБЕКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ОЛИЙ МАЖЛИС СЕНАТЫНЫН ТӨРАГАСЫНЫН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ:

- Астанада өткөн ШКУнун акыркы саммити уюмга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара байланыш масштабын мындан ары кеңейтүү керектигин дагы бир жолу көрсөтүп берди. Ушуга чейин уюм негизги эки багыт боюнча, башкача айтканда, өзүнүн эки канатындай болгон коопсуздук жана экономикага көбүрөөк маани берип келген. Бүгүнкү күнү бул жараян аркылуу билим, маданият, туризм, боордош шаарлар сыяктуу аракеттер менен айкалыштыруу маселеси өзөктүү болуп жатат.

РАХМАТУЛЛА НАЗАРОВ, БОРБОРДУН БАШЧЫСЫ:

- Элдик дипломатия тууралуу сөз козголгондо бул жерде биз алардын бири-бирине болгон ишеним  жана өз ара кызматташтыгы тууралуу да айтабыз. Ушул жактан алып караганда биздин борбор уюмга мүчө өлкөлөр менен бирге Казакстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн ортосундагы байланышты мындан ары өнүктүрүүгө себепчи болору шексиз. Анын үстүнө быйыл биз Өзбекстандагы Казакстан жылын  белгилеп жатабыз.