Казакстан-Өзбекстан: «Улуу Жибек жолу» трансулуттук туру

Казакстан-Өзбекстан: «Улуу Жибек жолу» трансулуттук туру

Казакстан менен Өзбекстан үстүбүздөгү жылы да «Улуу Жибек жолу» транс улуттук турун жакшыртууну улантышат. Жаңы багыттарга байыркы кербен изинин боюндагы шаарларды толук камсыз кылуунун аркасында тараптар жыл сайын 8 миллион турист тартууну көздөп жатат. Бул тууралуу Казакстандагы Өзбекстандын элчиси Саидикрам Ниязходжаев кабарлады. Анын айтымында, транс чек аралык туризм багыттарында касиеттүү мекендерге зыярат кылуучулардын агымын да арттыруу мерчемде бар.

САИДИКРАМ НИЯЗХОДЖАЕВ, КАЗАКСТАНДАГЫ ӨЗБЕКСТАН ЭЛЧИСИ:

- Азыр биз өнөктөштөр менен биргелешкен долбоорлордун планын түзүп жатабыз. Жаңы долбоордун алкагында түзүлгөн топтор бир гана туристтик жолдомо менен Казакстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнө саякат жасай алат. Туристтер касиеттүү жерлерге зыярат кылуу аркылуу биздин өлкөлөрдүн байыркы маданияты, тарыхы менен жакыныраак таанышат. Саякатчылар Самарканд, Бухара, Ташкент, Хива, Түркестан, Тараз, Жамбыл, Алматы сыяктуу байыркы шаарларды кыдырышат. Ошондой эле, туристтик багытка Астананы киргизүү мерчемделип жатат.

Азыркы тапта Борбор Азия аймагында шенген визасынын альтернативасын түзүү мүмкүнчүлүгү каралууда. Ал саякатчыларга дароо, эч кандай тоскоолдуксуз бир нече өлкөнү кыдырып чыгууга мүмкүнчүлүк берет. Өткөн жылы казак тарап менен көтөрүлгөн демилгени биринчилерден болуп Өзбекстан колдоду. Ушунун алкагында быйылкы жылдан баштап «Silk Visa» долбоору ишке кошулат. Ага Кыргызстан, Тажикстан сыяктуу мамлекеттер да катышууга кызыктар. Келечекте долбоорго Азербайжан жана Түркия өлкөлөрү да тартылуусу көздөлүп жатат.

САИДИКРАМ НИЯЗХОДЖАЕВ, КАЗАКСТАНДАГЫ ӨЗБЕКСТАН ЭЛЧИСИ:

- Аталган долбоорду быйылкы жылдан баштап ишке ашыра баштайбыз. Быйыл Өзбекстан Республикасында туризм тармагына тиешелүү эки устав кабыл алынды. Биринчиси тармакты жакшыртууга тиешелүү болсо, кийинкиси туристтик инфраструктураны жаңыртуу менен байланыштуу. Бул конок үйлөрдү салуу сыяктуу көптөгөн курулуш долбоорлору колго алынат деген сөз. Азыркы тапта казакстандык кесиптештер менен ушул багытта жумуш жасап жатабыз.

Казакстан менен Өзбекстан туризм тармагы боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинде көч баштап келе жатканын кошумчалай кетүү керек. Азыр тараптардын алдында турган жалпы максат эки элдин бай маданий, тарыхый мурасын бириктирип эко жана этно туризм багыттарын өнүктүрүү. Саякатчылардын агымынын көбөйүүсү мамлекеттердин экономикасына оң таасирин тийгизет деп күтүлүүдө.