Борбор Азия: «Бир кур, бир жол»

Борбор Азия: «Бир кур, бир жол»

«Бир кур, бир жол» демилгеси Борбор Азия өлкөлөрүнүн өз ара эффективдүү өнүгүшүнө багытталган. Серепчилердин айтымында, бул долбоор аймактын экономикалык өсүшүн тездетүүгө себеп болот. Демилге катышуучу өлкөлөр менен Европа байланышын бекемдейт. Борбор Азия өлкөлөрүнүн товар өндүрүүчүлөрүнө дүйнөлүк рынокко чыгуусуна жол ачат. «Бир кур – бир жол» демилгесинин аркасында алдыдагы убакытта жер шаарынын 60 пайызын камтуу мерчемде бар. Бул өлкөлөрдүн ортосундагы сооданы гана эмес, башка багыттар боюнча байланышты да бекемдейт. 

СЕРГЕЙ ИВАНОВ, ОИА БӨЛҮМҮНҮН БАШЧЫСЫ:

- Бул долбоордун аркасында Борбор Азия өлкөлөрү дүйнөлүк экономикалык аренага чыгат. Анткени азыркы тапта унаалык чектөөлөргө байланыштуу алар дүйнөлүк рынокто жигердүүлүктү көрсөтө албайт. Ошондуктан бул демилге өтө пайдалуу деген ойдомун.

ТИМУР ШАЙМЕРГЕНОВ, КАЗАКСТАНДЫН КОРГОО ЖАНА АЭРОКОСМОС ӨНӨР ЖАЙЫНЫН ВИЦЕ-МИНИСТРИ:

- Алгачкы 5 жылда мамлекеттердин ортосундагы байланыш өкмөттүк деңгээлде болсо, кийинки 5 жылдыкта маданий-гуманитардык багытта өнүктү. Өлкөлөр бири-бирин жакшыраак түшүнө баштады. Адамдардын ортосундагы байланыш бекемделди. Кийинки кезең – чакан жана орто бизнес объекттери. Башкача айтканда, адамдар өздөрү соода жасап, өндүрүштөрдү ишке кошо алат, биргелешкен долбоорлорду колго алат. Бул борбордоштурулган жогорку деңгээлден орто жана төмөнкүлөрүнө өтүүдө өтө маанилүү. Ошол кезде жашоочулар Жибек жолунун боюнда өз долбоорлорун ишке ашыра алат.

Серепчилер, өлкөлөр долбоордун алкагында биргеликте иш-аракеттерди колго алуусу керек деген ойдо. Бул Борбор Азия аймагына багыттала турган кытайлык инвестицияны көбөйтөт. Ал үчүн аймак өлкөлөрү өнөктөштүк маселелерине арналган жолугушууларды системалык түрдө өткөрүп турат.

ЕВГЕНИЯ БУХАРОВА, СИБИРЬ ФЕДЕРАЛДЫК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЭКОНОМИКА, ТАБИЯТТЫ ПАЙДАЛАНУУ ЖАНА БАШКАРУУ ИНСТИТУТУНУН МҮДҮРҮ:

- Бул Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасынын өнүгүшүнө жаңы түрткү берет. Мамлекеттердеги ар түрдүү коомдук-саясий уюмдар бул демилгени колдоп жатышат. Кийинки маанилүү кырдаал мейкиндиктеги Жибек жолу менен Теңгиз Жибек жолунун байланышуусу деп ойлойм. Демек, Кытай, Борбор Азия жана Европа багыттарындагы товарлар кыймылынын логистикасын комплекстүү түрдө көзөмөлдөө керек. Анын аркасында аймак өлкөлөрүндөгү ар түрдүү тармактар жигердүү өнүгөт деп ойлойм.

Азыркы тапта Кытай – Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Кыргызстан жана Тажикстандын ири соода өнөктөшү. Аймактын бардык мамлекеттери КЭР менен байланышты бекемдөөгө кызыктар.