Кыргызстан бут кийим өндүрүшүн өнүктүрүүдө

Кыргызстан бут кийим өндүрүшүн өнүктүрүүдө

«Made in Kyrgyzstan» бут кийими ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттолуп жатат. Чүй облусундагы фабрика өзүнүн өндүрүшүн коңшу өлкөлөрдүн рыногуна жөнөтүүдө. Алар ыңгайлуулугу жана кооздугу боюнча чет өлкөлүк бут кийимдерден артта калбайт, дешет өндүрүүчүлөр.

ГЕННАДИЙ КОВАЛЕВ, ӨНДҮРҮШ БАШЧЫСЫ:

- Кандай бут кийимдерге суроо-талап жогору болорун болжоп билүү мүмкүн эмес. Ошондуктан автоматтык бычуу ыкмасын колдонобуз.

Фабрикада заманбап шаймандар орнотулган. Бул материалдар менен убакытты үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Кагаз калыптардан даяр өнүм жасалганга чейин болгону бир нече саат жумшалат. Мисалы, бул тигүү автоматына даярдалган булгаарыны салуу жетиштүү. Калганы адамдын жардамысыз жасалат. Бул жердин кызматкерлери тиешелүү окуулардан өтүшкөн. Бирөө керектүү үлгүлөрдү даярдаса, башкалары кооздук тигүүлөрдү кошуп, бут кийимдин таманын тегиздейт.

БАХТИЯР КАДЫРОВ, БӨЛҮКТӨРДҮ ӨНДҮРҮҮЧҮ:

- Фабриканын ачылганын уккам. Алар жумушчуларды ишке кабыл алып жатышкан эле. Ойлонуп, ушул жерге келип көрүүнү чечтим. Жарым жылдык окутуудан кийин жумушка алышты.

Фабрикада күнүнө 300 жуп бут кийим чыгарылат. Керектүү бөлүктөр жана материалдар Орусия менен Түркиядан алынат. Күнүмдүк аялдардын бут кийими жана эркектерге арналган классикалык үлгүлөрү да бар. Алардын алгачкы партиясы Казакстанга жөнөтүлүп жатат.